Меню Рубрики

Кала берди танк алдында тепселип

Кыргызстандын түштүгүндө Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы кең-кесири белгиленип, жергиликтүү тургундарга жана конокторго ошо мезгилдеги Совет элинин жана советтик жоокерлердин каармандыгы театрлаштырылып көрсөтүлдү.

— Айланайындар, эзели согуш бетин көрбөгүлө! Биз силердин бүгүнкү жаркын келечегиңер үчүн фашисттик баскынчылар менен аеосуз жана беш жыл бою салгылашканбыз. Жыл өткөн сайын катарыбыз улам эле суюлуп баратат. Эң башкысы тынч жана бакубат жашоонун кадырын билип жүргүлө,- деди Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Ноокат районунун тургуну Касымбай ата ЖОЛДОШЕВ. – Мен согушка 1943-жылы аттанып, 1950-жылы гана Мекениме араң кайтып келдим. Анткени, Германияны жеңгенден кийин Жапонияда жана Кытайда дагы бекем тынтыкты орнотууга катыштым.

А аталар төрөлө элек биз үчүн,

Кала берди танк алдында тепселип —

деп мектепте далай ирет канкакшап ырдачу элек. Анткени, биздин муундагылар дал ошол апаатка катышып, кийин айылына кайтпай калышкан далай энелердин муң-зарын угуп чоңойбодукпу. Мен Кыргызстанды эле эмес, бүтүндөй Жер шарын мындан ары бейкуттук гана жылоолосун демекчимин,— деди Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын тургуну Максат ОМОНОВА.

— Жыл өткөн сайын согуш ардагерлеринин катары улам эле суюлуп баратат. Дагы он жылдан кийин булардын бирин дагы таппайбыз, эй! Ошондуктан, Кыргыз Өкмөтү мүмкүнчүлүгүн катуу караштарып, тирүү калган согуш ардагеринин ар бирине батир жана жеңил машина тартууласа деле жарашат жана аздык кылат. СССР урабай турганда, сөзсүз муну жасамак, — деп чырылдады Ош шаарынынын жашоочусу Рахим ЭШМАТОВ.

Ал эми Кыргыз Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Замирбек АСКАРОВ Улуу Ата Мекендик согушка биздин өлкөдөн 85 миң адам аттанып, булардын 25 миңи кан майданда курман болгондугун кошумчалады.

Жыл сайын 9-майда өз өмүрүн аябастан согуш талааларында жана оорукта биздин жаркын келечегибиз үчүн Жеңишти камсыз кылгандарды сыймыктануу менен эскеребиз. Биз кайталангыс эрдик көрсөтүп, каардуу фашизмди жеңген баатырлардын жаркын элесине башыбызды терең ийип, терең ыраазычылыгыбызды билдиргенге милдеткербиз! 9-май — элдин сыймыгы жана көз жаш менен келген кубаныч. Өткөн согуштун алааматы тарыхтын энчисине гана өтүп, ошол жылдардын бүктөмүндө гана калды. Ал эми аталарыбыздын чыныгы эрдиги, нукура каармандыгы биздин жүрөгүбүздө дагыле жашап келет жана сезимибизде түбөлүккө гана сакталат. Аталарыбыздын эрдиги менен сыймыктануу, алардын элесине таазим этип, урмат көрсөтүү — муундан муунга өтөт, кийинки урпактарга дагы жетет. Улуу Жеңиш күнүн жыл сайын белгилөө менен биз чындык менен акыйкаттык дайыма кыянаттыктан дагы күчтүү экендигин даңазалайбыз! Жеңиш күнү 21-кылымда согушту эңсегендерге, бир улуттун же расанын башкалардан өйдө болушун максаттагандарга катуу эскертүү гана болуп саналат,— деди биринчи вице-премьер-министр Замирбек АСКАРОВ.

Улуу Жеңиштин 74 жылдыгынын урматына театралаштырылган сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү. Анда немистик фашисттердин зулумдугу, советтик жоокерлердин эрдиги таасын айгинеленди. Атайын даярдыктан өткөн топ шаардыктарга уруш ыкмаларын дагы тартуулап, советтик жоокерлер жана Жеңиш жөнүндө ырлар үстөккө-босток жаңырды. Соңунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана ооруктун катышуучуларына адаттагыдай эле аскер тамак-ашы тартылды.

Булак: “Майдан. Kg” гезити

источник

Танып не. Улуу Ата Мекендик согуш адамзат тарыхындагы эң узакка созулган кызыл кыргын сыңары элдин эсинде түбөлүккө бекем сакталып калды. Бул апаатка Кыргызстандын түштүк башкалаасынан 14621 адам аттанышкан. Булардын 3118и согуш талаасындагы кылчайнашта баатырларча курман болушту. Мындан тышкары дагы 401 жоокер алигүнчө дайын-дарексиз. Ал эми 10484 жоокер гана Ата Мекенине эсен-соо кайтышты. Эң эле өкүнүчтүүсү: түштүк жергесинде Ата Журтубузга Жеңиш апкелгендердин катары жыл өткөн сайын суюлуп баратат.

— Улуу Ата Мекендик согуш — өткөн жыйырманчы кылымдын эң ири жана эч кайталангыс трагедиясы. Ошогездеги улуу империя СССРди, анын курамындагы азыркы Кыргыз Республикасын жалтанбас ата-бабаларыбыз гана жырткыч фашизмдин кулчулугунан биротоло сактап калышты, — деди Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев. – Бүгүнкү туруктуу бейпил турмушубузду камсыз кылган Улуу Ата Мекендик согуштун 20 ардагери жана ооруктун 47 ардагери гана дагыле арабызда жашап жатышат. Жеңиш күнүндө Ош шаарынын өзүнүн бюджетинен согуштун катышуучусунун ар бирине беш миң сомдон, ал эми оорукта талыкпастан эмгектенгендерге эки миң сомдон акчалай жардам көрсөттүк. Албетте, бул деле азыркынай кымбатчылык заманда дээрлик жетишсиз! Ошондуктан, биз ардактуу ата-апаларыбызды мындан ары дагы такай камкордукка бөлөөгө милдеткербиз!

Буга улай 71 жыл мырдагы тарыхый окуянын айрым катышуучулары акыркы жылдарда аларга карата мамлекеттик камкордук мурдагыдай эмес, кыйла эле солгундап кеткендигин ачык моюндашты.

— Ырас, Ош шаарынын жетекчилиги, анын ичинде калаанын мэри Айтмамат Кадырбаев, бизге туруктуу көз салып, зарыкканда байма-бай каралашып турат. Тилекке каршы, борбордук бийлик гана согуш ардагерлерин ушул майрам күндөрү, айрыкча 9-майда гана бир эстешет. Чындыгында, бизге Кыргыз Өкмөтү тарабынан тээ Совет доорундагыдай такай камкордук жок! – деп тызылдады Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Мухтар Нургазиев. — Болбосо, жашырып не, Ош калаасында саналуу гана куралдаштарым тирүү калышты. Булардын ар бирине керек болсо өзүнчө бекер турак жай тартуулап, Кыргыз Өкмөтү ушул тапта ар бирибизди алаканга салып бакса деле жарашмак, аттиң…

Деген менен Улуу Ата Мекендик согуштун дагы бир ардагери – Ош шаарынын биринчи мамлекеттик автоинспектору Мухидин Тажиддинов мекендештерин ушул тапта сабырдуулукка, чыдамкайлыкка жана бекем ынтымакчылыкка үндөдү.

— Эң башкысы Кыргызстаныбыз – бүгүн эгемен мамлекет! Канчалаган элдер жана улуттар азаттык үчүн өмүр бою күрөшүп, эмдигиче өз алдынча мамлекеттүүлүккө дагыле жетпей жүрүшөт. Туруктуу өнүгүүбүз үчүн адегенде күнөстүү Ата Мекенибизде дайыма тынччылык өкүм сүрүшү кажет! Кыргызстанды байырлаган ар бир улут жана ар бир жаран бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып чогуу-чараан ийиндеше иштесек, албетте, болочокто утабыз! Өлкөбүз ошондо гана абдан ыкчам өнүгөт! – дейт Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мухидин Тажиддинов.

Жеңиштин 71 жылдыгынын урматына Ош шаарындагы жаштардан куралган топ түштүк башкалаасынан согушка катышкандардын сүрөттөрүн колдоруна бирден көтөрүп борбордук аянтта салтанаттуу жүрүш жасашты. Буга улай өлкөнүн түштүк башкалаасында жайланышкан аскер бөлүктөрү атайын параддан катарынан өтүштү. Андан соң борбордук аянтта жана түштүк башкалаасынын сейил бактарында, ошондой эле кичи райондорунда согуш ардагерлерине туруктуу урмат-сый көрсөтүлүп, концерттик программалар биринин артынан экинчиси тартууланды. Кинотеатрларда согуш темасын чагылдырган көркөм тасмалар, ал эми театрларда жана айрым мектептерде атайын спектаклдер дагы көрсөтүлдү.

— Улуу Ата Мекендик согуш ошогездеги улуу империя СССРдин ар бир үй-бүлөсүн кыя өткөн эмес! – деп кепке аралашты Ош шаарындагы Ломоносов атындагы орто мектептин окуучусу Айназик Каныбек кызы. – Ош шаарынын эле кан майданга аттангандардын бешөө эрдиктин кашкайган үлгүсүн көрсөтүп, Советтер Союзунун Баатыры деген эң жогорку наамга арзышыптыр. Кандуу согушка кеткендердин 10484и гана Ата Мекенине эсен-аман кайтышса, азыр булардын ичинен элүүсү гана катарыбызда жашап жаткандыгы, албетте, өкүнүчтүү. Анан дагы ардагерлерибиздин катары улам жыл өткөн сайын суюлуп бараткандыгы ичибизди абдан ачыштырат. Ошондуктан, мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында булар менен тез-тез жолугушуу уюштуруп турсак, утат элек…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Ош шаары

источник

Танып не. Улуу Ата Мекендик согуш адамзат тарыхындагы эң узакка созулган кызыл кыргын сыңары элдин эсинде түбөлүккө бекем сакталып калды. Бул апаатка Кыргызстандын түштүк башкалаасынан 14621 адам аттанышкан. Булардын 3118и согуш талаасындагы кылчайнашта баатырларча курман болушту. Мындан тышкары дагы 401 жоокер алигүнчө дайын-дарексиз. Ал эми 10484 жоокер гана Ата Мекенине эсен-соо кайтышты. Эң эле өкүнүчтүүсү: түштүк жергесинде Ата Журтубузга Жеңиш апкелгендердин катары жыл өткөн сайын суюлуп баратат.

— Улуу Ата Мекендик согуш — өткөн жыйырманчы кылымдын эң ири жана эч кайталангыс трагедиясы. Ошогездеги улуу империя СССРди, анын курамындагы азыркы Кыргыз Республикасын жалтанбас ата-бабаларыбыз гана жырткыч фашизмдин кулчулугунан биротоло сактап калышты, — деди Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев. – Бүгүнкү туруктуу бейпил турмушубузду камсыз кылган Улуу Ата Мекендик согуштун 20 ардагери жана ооруктун 47 ардагери гана дагыле арабызда жашап жатышат. Жеңиш күнүндө Ош шаарынын өзүнүн бюджетинен согуштун катышуучусунун ар бирине беш миң сомдон, ал эми оорукта талыкпастан эмгектенгендерге эки миң сомдон акчалай жардам көрсөттүк. Албетте, бул деле азыркынай кымбатчылык заманда дээрлик жетишсиз! Ошондуктан, биз ардактуу ата-апаларыбызды мындан ары дагы такай камкордукка бөлөөгө милдеткербиз!

Буга улай 71 жыл мырдагы тарыхый окуянын айрым катышуучулары акыркы жылдарда аларга карата мамлекеттик камкордук мурдагыдай эмес, кыйла эле солгундап кеткендигин ачык моюндашты.

— Ырас, Ош шаарынын жетекчилиги, анын ичинде калаанын мэри Айтмамат Кадырбаев, бизге туруктуу көз салып, зарыкканда байма-бай каралашып турат. Тилекке каршы, борбордук бийлик гана согуш ардагерлерин ушул майрам күндөрү, айрыкча 9-майда гана бир эстешет. Чындыгында, бизге Кыргыз Өкмөтү тарабынан тээ Совет доорундагыдай такай камкордук жок! – деп тызылдады Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Мухтар Нургазиев. — Болбосо, жашырып не, Ош калаасында саналуу гана куралдаштарым тирүү калышты. Булардын ар бирине керек болсо өзүнчө бекер турак жай тартуулап, Кыргыз Өкмөтү ушул тапта ар бирибизди алаканга салып бакса деле жарашмак, аттиң…

Деген менен Улуу Ата Мекендик согуштун дагы бир ардагери – Ош шаарынын биринчи мамлекеттик автоинспектору Мухидин Тажиддинов мекендештерин ушул тапта сабырдуулукка, чыдамкайлыкка жана бекем ынтымакчылыкка үндөдү.

— Эң башкысы Кыргызстаныбыз – бүгүн эгемен мамлекет! Канчалаган элдер жана улуттар азаттык үчүн өмүр бою күрөшүп, эмдигиче өз алдынча мамлекеттүүлүккө дагыле жетпей жүрүшөт. Туруктуу өнүгүүбүз үчүн адегенде күнөстүү Ата Мекенибизде дайыма тынччылык өкүм сүрүшү кажет! Кыргызстанды байырлаган ар бир улут жана ар бир жаран бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып чогуу-чараан ийиндеше иштесек, албетте, болочокто утабыз! Өлкөбүз ошондо гана абдан ыкчам өнүгөт! – дейт Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мухидин Тажиддинов.

Жеңиштин 71 жылдыгынын урматына Ош шаарындагы жаштардан куралган топ түштүк башкалаасынан согушка катышкандардын сүрөттөрүн колдоруна бирден көтөрүп борбордук аянтта салтанаттуу жүрүш жасашты. Буга улай өлкөнүн түштүк башкалаасында жайланышкан аскер бөлүктөрү атайын параддан катарынан өтүштү. Андан соң борбордук аянтта жана түштүк башкалаасынын сейил бактарында, ошондой эле кичи райондорунда согуш ардагерлерине туруктуу урмат-сый көрсөтүлүп, концерттик программалар биринин артынан экинчиси тартууланды. Кинотеатрларда согуш темасын чагылдырган көркөм тасмалар, ал эми театрларда жана айрым мектептерде атайын спектаклдер дагы көрсөтүлдү.

— Улуу Ата Мекендик согуш ошогездеги улуу империя СССРдин ар бир үй-бүлөсүн кыя өткөн эмес! – деп кепке аралашты Ош шаарындагы Ломоносов атындагы орто мектептин окуучусу Айназик Каныбек кызы. – Ош шаарынын эле кан майданга аттангандардын бешөө эрдиктин кашкайган үлгүсүн көрсөтүп, Советтер Союзунун Баатыры деген эң жогорку наамга арзышыптыр. Кандуу согушка кеткендердин 10484и гана Ата Мекенине эсен-аман кайтышса, азыр булардын ичинен элүүсү гана катарыбызда жашап жаткандыгы, албетте, өкүнүчтүү. Анан дагы ардагерлерибиздин катары улам жыл өткөн сайын суюлуп бараткандыгы ичибизди абдан ачыштырат. Ошондуктан, мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында булар менен тез-тез жолугушуу уюштуруп турсак, утат элек…

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Ош шаары

источник

Өчпөс полк аталарга таазим

МЕН СИЗДИ ЭЧ КАЧАН УНУТБАЙМ АРДАГЕР АТАЛАРГА ТААЗИМ

Бүгүн 9 майда Өчпөс полк акциясы өткөрүлдү

Бишкектеги Өлбөс полк жөө жүрүшү

Темирбек Сайдинов Аталарга таазим

Өчпөс полк жүрүшүнө даярдык

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жардамга муктаж

Жеңиш 70 Ала Тоо аянтындагы аскердик парад

Улуу жеңиштин сабагы жана санаты

Брест чеби алгачкы чабуулдагы кыргыз полкунун белгисиз баатырлары

Лондон 2012 Жеңил барып жеңип кел

Эркинбек Нуркожоев Жениш куну ЭлТР Илим жана билим каналы

Ата Мекенди коргоо ар бирибиздин милдетибиз

Көркөм окуу РАХМАТ сага АПА Aida Jamalidinovna

Москвада Өлбөс полк маршы өтүп жатат

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 70 жыл

Стол жасалгалаганды үйрөнөбүз Таң Шоола 15 05 17 НТС

9 май Жумагулов Нуржаасын

Жеңиш майрамына карата жүздөгөн жуп вальс бийлеп даярданышты Видео

Караколдо Жеңиш күнү белгиленди

Улуу Жеңиш күнүнө карата даярдык иштери жүрүүдө

Жалпы КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ 9 МАЙ ЖЕҢИШ КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАЙМ

9 май Οω ωααρы Θчпθс оτ Улуу жеңиш майрамы

Улуу Ата Мекендик Согуш Н Шадыканов

Улуу Жеңишке 70 жыл ардагер Д Султангазиев

Кыргызстан Улуу Ата Мекендик Согуш жылдарында 2 бөлүм

Оштогу Улуу Жениш майрамы

Эрдиги көөнөрбөс ардагерлер 02 05 18 НТС

Азаттыктын жаңылыктары 9 май

Улуу Жеңиштин 71 жылдыгын утурлап

10го жакын мамлекетти бошотууга катышкан согуш ардагери Жапар Хакимов

Талас шаарынын ном тогузунчу мектебинин алтынчы класынын куучуары жениш кунуно даярдануусу

Согуш ардагерлеринин катары суюлууда

Президент согушта дайынсыз жоголгон чоң атасынын сүрөтүн көтөрүп жөө жүрүшкө чыкты

Армейские будни рядового NewTV

день победы конкурс сш им Отунчу Ногойбаева

Жениш Куну Менен Куттуктоо Бишкек

Жеңиш күнүн пиар күнү катары колдонгондор кимдер

Кыргызстан боюнча согуш ардагерлердин саны 647 КТРК 2017

10 жашында согуш учурунда тылда эмгектенген Даткайым апа Таң маанай

Здесь Вы можете прослушать и скачать песни по запросу Өчпөс Полк Аталарга Таазим в высоком качестве. Для того чтобы прослушать песню нажмите на кнопку «Слушать», если Вы хотите скачать песню или посмотреть клип нажмите на кнопку «Скачать» и Вы попадете на страницу с возможностью скачать песню, прослушать ее и посмотреть клип. Рекомендуем прослушать первую композицию Өчпөс полк аталарга таазим длительностью 1 мин и 53 сек, размер файла 2.48 MB.

Өчпөс Полк Аталарга Таазим

Иоганн Гете Миньона На Немецком Kennst Du Das Land

Игорь Вика Песня Обезаружная Скачать

Новый Режим На Кристаликсе Контроль Цветов Minecraft Color Control

Где Искать Артефакт Ночная Звезда Для Сидоровича В Моде Народная Солянка 2016 S T A L K E R Т Ч

Янги Ва Янги Хилма Хил Шерали Жўраев

Бабушки Поют Песни В Доме Престарелых

Я Родила Себе Дочь Я Родила Себе Сына Выпускной Бал 2018 В Мин Водах

Песня Учат В Школе На Казахском

Yaxshi Korardim Do Stlarim Mp3

Jumping Music Training 2019

Fortnite Dance Therapy Emote Эмоция Не Бери В Голову Фортнайт

Клип Но Ты Ушел Туда Где Небеса

Песня Игорь И Вика Обезаружная

Modern Martina Korgstyle Падает Снег Snow Falls Korg Pa 900 Italodisco Clips

Nigohlaring Sirli Boqar Zilola

С Днем Рождения Внученька Песня

Linkin Park Forgotten Rhingstone Remix

Мухаббат Богига Кирмадим Бир Бор Mp3

Узбекская Музыка 2019 Жонли Ижро Альбом 2019

Unlock Frp Lg X Cam Bypass Google Verification In Lg 2018

источник

Башы ушул шилтемеде
Осмон Карачач менен бийлеп жатты. Музыкага биротоло берилип калган кишидей каалгыйт, чайпалат эси оогондой. Таиржан Шакиржанович Назикти бекем кучактап алып колдорун сороктотуп, катуу-катуу сүйлөп, бийлеген кишиге окшоп жатат. Абдимитал чекеде. Баары-жокко саресеп салып, бүтүгүй көздөрүн жүлжүйтөт. Тезекбаевичтин эриндери мойнума акырын тийгенде чочуп кеттим. Билинер-билинбес каршылык көрсөтүмүш болуп, ийинимди ала качкансып тартып. Бул биздин ыкмабыз, азгырыгыбыз эле. Кандай эркек болсо да туруштук бере албай тургандай делбелентүүбүз ушинтип башталмак. Ошол илээнин чекесин Тезекбаевичке ойлонуп-нетпей колдонуп койдум. Ал ого бетер жабышты. Жыттагылап, чопулдатып өпкүлөп жиберди.
Буга маани бербегенсип, музыкага каалгыбаткандай, убакытты созубаттым. Анын дагы шаштысы кетти, жабышты. Көздү лып эттирүүнүн, жылмаюунун кажети жок болчу. Ошентип, жакканга аракеттенибатып да өңүмдүн бозурайганын сездим. Көзүмөн жашым акпай ыйлап жаттым. Ар сапар ушундай. Пулдар, азыркыдай мени менен бийлеп жаткан бийликтүү лөктөрдүн тебелеп-тепсегенине болгон «муктаждыктарын» канааттандырар алдында дайым ички туйгум ушинтчү. Тигилерге баары бир. Жинине тийсең бет талаштыра согуп, ашата сөгүп да кете беришет. Ошол үчүн мага окшогондордун көңүлү жашаңдоочулардын адамгерчиликсиздиги менен эсептешпейт. Андай касиеттерибиз чорго айланган. Ооба, мурда, азыр, куду ушу тапта, мага окшогон сойкулар жокчулуктан, жетесиздиктен таман астында кор болуп, адам катарынан чыгарылып, бир ылымылык нерсеге ээ болбой боздошору ырас. Акыры гарап болуп түгөйбүз. Денебиз өтпөй калган куракта адам сүлпөтүнөн өчөбүз. Бизге окшош дагы бирөөлөр бар. Алар көмүскөдө көрүнбөй кала берет, эч ким кордобойт. Сойку деп аталбайт. Анткени алар ошол байлардын, ошол чоңдордун аялдары, жек-жаатынан чыккан «таланттар», кичине «адашкандар». Алар эркектик туйгунун «жаңысын», кудуреттүүсүн күсөп чыгышса да ушул. Бизге окшоп акчага, аз да болсо тоюп алууга кызыгышпайт. Максаттары кутурган кычуусун кандыруу гана. Ал эми Карачач, Назик окшогондорго колунда бар амалдарын сактоо…
Кантсе да тигилерден жаш болгонумбу же башкабы, айтор, Тезекбаев мени түк бошотпой койду. Өтө кызып калган эмеден тажап да кеттим, бирок аны байкатпадым. Суй жыгылдым. Ага карабай «иштебаттым». Абдимитал Култаевдин: «Кана эмесе, жолдоштор, Асан Тезекбаевичтин ден соолугу үчүн!» – деп кезектеги (өлүп кеткир, кезеги да түгөнбөйт эмеспи) тост көтөрүүсүнөн пайдаланып сыртка жылт койдум. Эч ким элес албай калды. Саксынган Таиржан Шакиржанович да өтө мас болуп калган эле. Назикти колдон чыгарбай, өзү менен өзү алек. Таптаза, жылдыздуу асмандагы жарым боло баштаган туптунук Ай нак төбөдө чалкалап калган маалда сыртка чыгыптырмын. Салкын аба кызыган бетиме дуу тийди. Кере жуттум. Эшик астынан ары жылбадым коркуп. Антпесең… антпесең… шефтеринин мас болуп калганынан пайдаланган эчен шопурларды көргөм, көз илештирбей баса калышат алар да. Коюңчу, ээлеринен калышпаган жугундукорлор.
Аз эле турдум таза абада. Бирок Абдимитал артыман чуркап чыкты. Ачуулуу. Башын артына кежеңдете сөздү ныктап таштады.
– Сетирейбей кир ичкери. Буза турган болдуң баары жокту.
Оң жак бетиме шапалак чаау дей түштү. Өңүм кубарды. Каргап, шылып таштагым келди. Кечилип кетчүдөй жүргөн бечара жаным тыбырчылады. Ошентсе да эчтеке дебедим. Көз жашым пырт этпей каректерде кала берди. Буга да көнгөм. Көндүмдүк менен жылмая ичкери кирдим. Тезекбайлары коридордо ичин челкейтип, трусычан жүрүптүр. Менин алдыма шып өтө койгон Абдимиталды жакадан алды.
– Эн-неңди урайын, кана жанакың? Же өз-зүңдүбү…
– Асан Тезекбаевич, мына алдыңызда турат. Ка-араң… она.
Тезекбайы Абдимиталды бет талаштыра күрс бир муштап жиберди да, анан мага бурула кучагын жайды.
– Кел, көпөлөгүм. Кө-кө… пө-пөлөк.
Атайын ал үчүн жасалгаланган бөлмөгө алдап-салдап, белим майыша жөлөп-таяп араң алып кирдим. Эптеп көйнөгүн чечтим. Көп ичип алган күлтүйгөн немени ак жибек менен капталган көрпөнү сыйра салып, кең кроватка жаткырдым.
– Ку-ча-гыма ке… Се-сен чыр-райлуу экенсиң. Ке-ле-ми.
Лып үстүмдөгүлөрдү чечип ыргыттым. Жанына жатып, көкүрөгүмдү бетине жакындаттым. Ал кумарлана жыттады. Эңгезердей болгон эме мындайга жадеп көнгөндөй эмчегимдин үрпүн оозуна ала сорду, энесин ээмп жаткан балача. Пышылдап-күшүлдөбатып эле эчтекеге жарабай кор эте уйкуга кирди.
Ух-х-х. Шалпайдым. Өлүү денем бир зырп этпеди. Көзүм ызгып кеткен экен, эшиктин тыкылдаганынан ойгондум. Атымды угулар-угулмаксан атады. Унчукпадым. Осмондун үнүн тааныдым.
– Бери чыксаң… сөзүм бар сага айтар.
Ал саал үнүн көтөрө сүйлөдү. Мастыгы билинип турду. Бирок беймарал эле. Таң калдым. Шефинен коркпой мени чакырганына түшүнбөдүм. Адатта мындайлар бул шартта куйруктарын көчүктөрүнө кыпчып, пысып-пысып ар-ар жерде калышчу. Абдимиталдар ошентибатпайбы…
– Ал уктап калдыбы. Коркпо, эшикти ач. Уйку дары ичирип койгонмун. Ойгонбойт эми.
Анын оюн түшүндүм ичимен: «Өлүгүңдү көрөйүн, колунан ар балээ келет. Лөлүнү сууга жетелеп барып, кайра куру жетелегенге көнгөнүн кара… Шашпа сени…» – деп унчукпадым. Саалдан кийин кроват үстүндө опоңдодум. Бир жеринен кыйч этти. Дагы катуураак опоңдодум. Түзүк эле үн чыгара кыйчылдады. Анан кыйчылдакка аралаштыра онтодум, акыштандым акырын. Наздандым үнүмдү катуураак чыгарып. Ал дымып калды. Пысты. Жүрөгү түштү окшойт, ошо бойдон тынчыды.
Үнүмдү чыгарбай күлүп ыкшыбатып уктап калыптырмын. Бир-эки саат өткөн соң ойгонуп кеттим. Тезекбайым оодарылган экен, көкүрөгүмдү сыйпалап түшүркөп жатыптыр. Тек койдум. Кармалап-кармалап кайра тынчыды. Эми коңурук тарта баштады. Ага чыдабай акыры ордуман биротоло турдум. Эшиктин оң канаты жагына коюлган чоң күзгүдөн карандым. Кичине эле уйпалангандай көрүндүм. Ага камтама болбодум. Коридорго чыктым. Эч ким жок. Аер-буерден кыса карачу шопурлар да тынчышкан окшойт, шыбырт угулбайт. Анан бутумун учу менен баса баякы банкет бөлмөнүн эшигине жеттим. Эшик кыңкайып ачылып калган экен, ошондон шыкааладым.
Көптү көрдүм, уктум, бирок мындайды көрбөгөм эзели. Катуу чочуп кете жаздап араң токтодум. Столдун үстүндө Назик жыпжылаңач чалкасынан жатат. Беркилер анын аппак курсагына карта чаап ойноп, сигаретти булатышууда. Карачачты чегет деп түк ойлобоптурмун, ал да тим эле эркектерден өтө бурулдатат.
– Эй, Абдимитал аке, гыраам болбоң. Колуңузду өйдө чыгарып оңдоботуруңуз.
Карачач оолжуп сүйлөдү. Култаевге тике карады. Мага бетмаңдай жакта тургандыктан, даана көрүнүп турду анын өңү. Манаттай кызарыптыр. Осмон күлдү:
– Акабиз дайым ушундай да. Күч келгенде гыраамдыгы кармайт. Экөөңөр мага утулдуңар. Чуу түштүңөр… Эми болду кылбайлыбы? Шефтин ойгонор маалы болоюн деди окшойт.
– Э сен утуп алып кете бересиңби! Улантабыз! – Абдимиталдын ачуусу келди. Кежең-кежең эткенде чекелеринин бырыштары дагы калыңдай түштү.
– Осмон, а-шыкпа. Дырдай жылаңач болуп жатып бер, курсагыңа карта ойнойбуз деп сен чыгардың. Төлөп кой муну, – деп Назик ордунан козголду. Осмон каткырды. Ылжыган беркилер да күлүштү. Анан үчөө тең өз-өз алдыларындагы акчаларынан Назиктин үстүнө ташташты. Көп эле көрүндү. Аларга эмне, акча саман. Ошол үчүн ныксырашат, оолжушат. Ушинтип кумар ойношот, көңүл ачуу үчүн. Назикчи?
– Ха-ха-ха-х-аа.
Каткырып күлүштү баары. Карачач алардан өтө каткырды. Эми эле токтотуу жөнүндөгү сөздөрүн унутуша, кумар ойноолорун улантыша маашырланышты. Өздөрүн карапайым калктын кожоюну, каймагыбыз деп эсептеген элита ыкшыбатканда Назик опкоолжуй ордунан турду үстүндөгү акчаны чеңгелдей кармап. Ошол бойдон керилип-чоюлуп эсинеди. Ал да каткырды. Ыкшыды. Анан… анан өңү бопбоз болуп ордунан туруп, талтаңдай ары карап басып барды да, кийимдерин колго алып, кийинип сыртты көздөй басты. Абдимитал алдын тосту.
– Каякка?
– Сыртка чыгып келемин.
– Жылаңач экендигиңи унутуп калдыңбы? Уят, кийинип ал.
– Ой, силерден кызарып-нетпей сыртта кимден уялмак элем?! Ах-ха-ха-а.
Абдимитал шапалагы менен жаакка чаап жиберди.
– Э бети жок шерменде. Уятың барбы кичине?
Назик жыгылып түштү. Чубалган калың кара чачы бетине жабыла кыңк дебеди. Мен чыдабадым. Шарт артыма бурула ордума кайра шарак-шурук кирип бардым. Ал, Тезекбайыч, ойгонбоптур. Үнүмдү чыгарбай дубалга жөлөнө ыйладым. Шолоктодум кыйлага. Назикке боорум оорубады. Өзүмчө. Өзүм эле…
Осмондун үнү дагы угулду, атымды атап сыртка чакырды. Мунун неси бар эле деген суроолуу ойдо коридорго чыгып, муздак дубалга бетими коё жөлөндүм.
– Гүлүш…
Азайбаданим өлүү болгонуна карабай дүр-р этти. Беттерим чымырады.
– Гүлүш… Чолпонум, мен сени… сени…
Көзүмдө огум болсо, азыр, ушу тапта өзү атылып кетмек. Ага алым жетсе, чеңгелим менен мыжыкмак түгүл, тытып таштамак абалга жете кайнадым, толдум, батпай бараттым өзүмө өзүм.
– Өлүгүңдү көрөйүн ыплас.
Оозума башка эч нерсе келбеди. Калтырадым, буулдум… Кандай болгондо да, ач айкырык менен ага жабыша тытууга камындым. Колумда жарай турган бир нерсе болсо, тостойгон көздөрүнө сайып-сайып алып, беттерин кыймалап таштоого даяр элем.
– Мына пул. А-акча деген мына, Гү-Гүлүш. Ме-меники кө-өп. – Ал өрмөлөй мага жакындады. Костюмунун чөнтөктөрүнөн уйпаланган пулдарды бутумдун алдына таштай баштады. Чын эле көп экен. Жалаң кызыл 10 сомдуктар.
– Уттум. Утуп алдым. Анавылардын пу-пулун уттум. Райондун биринчиси болом деп аракеттенибаткан Таиржанды да уттум. А-а. Ошондой.
Бүгүнкү шаан-шөкөттүн максатын эми түшүндүм. Райондун биринчи секретары болуу үчүн дайыма бар-жогун чачып жүргөн Таиржан Шакиржановичтин кезектеги аракети экендиги көңүлүмө жарк-журк этти. Канткен менен дайыма пулга жыгыла жүргөн жаным, дароо алагдыландым. Өмүрүмдө эч ким мынча пул берген эмес. Кичине ылымылыктыгымдын ушунча болору түшүмө да кирбеген. Ошо замат Осмондун мас экендиги оюма кылт этти. Тигинин өрмөлөп төгүлүп тургандыгы, ушунча нерсени аябай чачыбатканы баякыма азгырды. Эркектер үчүн «бейиш» азгырыгы энчим менен анын ушул чачыбаткан дүниясын алгым келди. Жалагыдай болубатпайбы өзү эле. Өлүкганаңды көрөйүн, көзүң бүткөн. Бутумду ага жакындата акырын жылдырдым. Этегими көтөрдүм. Чын эле жабышты. Жайдак, аппак балтырымды чопулдатып өпкүлөп, күн көрбөгөн жерлеримди сыйпалап жиберди. Кетенчиктедим. Бутумду кучактаган бойдон өрмөлөп эрчиди. Бөлмөнүн ачык эшигине карай дагы кетенчиктедим бүйрөсүн кызыта.
– Эй, эй деймин, Тезекбайыптан жашмын го, түзүкмүн го. Ынап койчу эми.
Жалынып-жалбарганын токтотпой ээ-жаа бербеген напсиси козголгон эме бош келбеди. Мындай акыбалдагы эркек делбеленген бойдон эчтекеден кайтпай калар. Ааламды өрттөп жиберер агари. Башканыкы калып, өз жанын аябас ал түгүл. Ушуну айтат кесел деп. Аягы суюктугу менен акылынан азуунун нак өзү ушул. Ана эркегиң, акылын жеди. Анан эле жалап бизбиз. Мыногу Осмону, Тезекбайлары не? Жогорудагыдай кыябага жеткире берки бут жагымдагы этегими да өйдөлөттүм… Шыңк этип күлдүм, өжөрлүгүм кармады. Ошол тейде бөлмөгө кирдим. Асан Тезекбайычтын жанына жамбаштадым, шайы желекти үстүмөн сыйрый салып. Ойгонуп кетсе ишим эмне?! Ошентсин. Осмондун акыбалын көрсүн. А-а, кантээр экен бул шылпылдаган өл сийдик. Ал шымын чече коюп эле үстүмө чыкты. Түртүп жибердим. Дүк этип кулады. Тура калып дагы асылды, туш келди жеримен өпкүлөп кирди, жалап-жуктабатты. Чындап киришкенин түшүндүм. Мен да күчөдүм, шоокумдуу тыбырчыладым. Карыган теке бырылдайт, корулдайт ойгонбой. Капталдан аткый чеңгелдеп алдым акыры.
– Ай-ай, эмне болуп жатат бул жерде?
Акыры ойгонду. Чочуп кетти. Түшүнө бербей элейди. Көздөрү чоңчоң ачылды. Туруп олтурду.
– Ос-мо-он?!
Үнү таң калычтуу чыкты. Аңырайды. Анан түшүндү, ордунан обдула мени менен алектенибаткан Осмонду чоң муштуму менен бет талаштыра коюп калды. Ба-ар, ошондон кийин тополоң башталып кетти. Оболу Абдимитал жетип келди. Артынан Таиржан… Экөөлөп Осмонду тээп ташташты. Бакырганына, оозу-мурдунан аккан канга карашпады. Бир жери үзүлүп кетет дешпеди. Майып кылып коюшарын ойлошподу. Куду кутурган жырткычтай жанчышты. Акыры ал сулк жатып калды. Эң правардесинде Таиржан бет талаштыра тээп алды. Биринчиликке Осмон таштабатат деп уккан да, билет да ошондой экенин. Бары бир катын экенмин. Бети-башы күптөй шишиген Осмонго боорум ачыды. Таанылбайт. Жана эле жайдаңдап, шыпылдап турган неме экени билинбейт. Коркконуман калчылдап, тиктей албай… жүгүрүк кичине кумурскадай каным катып, өңүм купкуу.
Жумушка барбай койдум. Бир апта өтпөй Осмондун сөөгү коюлду. Доңуз дабандан түшүп келе жатканда машинасы кулап кетти болду. Бир жарым айга түрмөгө камалган Абдимиталдын шопуру айыпсыз деп бошотулду…
Аңгемесин тып токтоткон аял беймарал кере дем алды. Өзүнө өзү ыраазы турганы ушу тапта кымтыла жымыйгансыган ууртунан сезилип турду. Канткен менен анын өңүндөгү көгайкы, бозумтал ажары бүт ачылып кетпеди. Ошонусунанбы же башкабы, билбейм, бул кынтыксыз сулуу аял мага муздак, серт, адамдардан оолактап, талаада жалгыз калгандай туюлуп… өзүм да чөктүм.
…Апам ооруп калды деп уктум бир күнү. Базарга шашылыш кирип чырайлуу көйнөк алдым ага. Үкамин төрт баласына оюнчук-поюнчук, кийим-кечек, өзүнө ысыкта киер деп далдайган шляпа, келинге самынпамын дегендей көп нерсени чоң сумкага ныктап, мөмө-чөмөнүн түрлөрүн дагы бир сумкага толтуруп алып адаттагыдай күлө багып жетип бардым.
– Кирбе үйгө, касаапаты! Сенин машайттап тапкан нерселериңсиз эле тирилигим өтөт.
Ошо, атамдын үйүндө калган кенжетай иним отун жарып жаткан балтасын көтөрө алдымы тосту. Өңү галаты. Бозоруп, анан карасур тартып, көздөрү чекчейди. Көтөргөн сумкаларым колуман дүп-дүп түшүп селейдим. Дене боюм дүр-р этти. Оор жүктөн шоргологон терим да ката муздадым заматта. «Апажем келди», – деп жана мени биринчи көрө койгон төрт жашар Талантбек чуркап келе жатып ордунда токтоду. Балтасын өйдө көтөргөн Эсендин чоң мурдунун таноолору дердеңдеп, каштары маңдайындагы эттүү жерлери менен кошо учуп…былк-былк этип… Канчага ошентип бири-бирибизди көздөрүбүз менен атып жиберчүдөй болуп турганыбызды билбейм, үйдөн атып чыккан келин ач айкырык менен экөөбүздүн ортобузга түшө калды. Менин алдыма тура далдалап, кулачын жая күйөөсүнө укмуштуудай ачуу менен айкырды.
– Эм-не-е! — Башка эчтеке дей албай калды. Жутунуп-жутунуп алды. Анан дагы кыйкыра сүйлөдү. – Айттым эле го! Имне айып, бечарада? Болбосо оболу мени чап. Садага болуп кетейин эжеме!
Келиним жанталпастай бакырып, Эсенди жакадан ала жулкулдатты. Ачуубу, алемби, айтор, боройлоп ыйлабатат, чырылдай кыйкырып сүйлөгөнүн да токтотподу. Беттерин жаба жайылган көз жашы уурттарына жете түшкөнүнө карабады, аарчыбады.
– Өлүгүнү көрөйүн ошо байлардын, ошо элдин канын соро жутуп, майкөчүк болгон чоңдордун башында Кудай бардыр, көрсөтөр акыры. Бечараларды бурчка корголоткон адамгүштөрдүн баштарына жетер. Арам гөш жеген балдары көрөр эч кур десе.
Анын ичинде ушунчалык нерсенин кайнап жатканын мурда баамдаган эмес экем, оюма да келбегендир. «Ичтеринен гулдаар ошолор» – деген сыяктууларын түшүнбөй да калдым. Эсен селейди. Ыраңы кубарган бойдон катты. Көтөрүлгөн балтасы колунан жерге дүп эте түштү. «А-а» деп асманга карап бакырды анан. Ошол бойдон чалынып-чулунуп көчө тарапка карай чуркады. Мүдүрүлө, жер таяна түшсө да түзөлө кете берди. Карышкан жаактарым ачылбады, селейген бойдон кыйлага турдум. Ыйлабадым. Тамчы жаш чыкпады көздөрүмөн. Күткөнмүн. Акыры ушундай болорун ойлогом, көз алдыма тартыла калып жүргөн мунун баары.
Эсендин ушул тапта айткан: «Жалапчылыктан тапкан дүйнөңү…» – деген сөздөрүн оюмда эчен жолу угуп, эчен жолу чочуп түшүмөн ойгонгом. Мурда эле безилдеп ыйлаганмын. Өлгөнүм жок. Неге антишим керек эле? Балким, сиз айтмакчы, пешенеме жазылганын көргөндүрмүн. Тагдырым ошондой курулса керек. Кимгедир ушундай тамаша зарыл болгондур. Ошол зарылчылыкты аткаргандырмын, быягы мага караңгы…
Аял аңгемесин тамамдады. Актангансыды акыркы сөздөрү менен. А мен эчтеке дебедим.
ЭКИНЧИ ИКАЯ
…Сиздин белгисиз аял тууралуу жазган икаяңиз өтө көңүлсүз баян болсо да эптеп окуп чыктым. Журналистсиз да, гезитке ылайыкташтырыпсыз. Жазуучу болгонуңуздабы, майдалап олтурганыңыздабы. О-хо-о. Адамдын зер-зеберине жеткирген болот элеңиз, ыйлатат болчусуз мага окшогон чор жүрөктөрдү. Бир жарк этип күлүп коёр күнү жок шордуу аял нени көрдү, нени тапты бул опаасыз жарыглыктан. Кечиресиз, кызышып… өзүмдү тутуна албай… айттым да. Дагы кандай тантыраган неме дээрсиз. Ошентсеңиз деле болот. Өйдө эмесмин, бир гөрмүн. Эми менин икаями да угарсыз, эптеп айтып берсем. Калганы сиздин ишиңиз, кашташ коёсузбу, эндик менен боёп таштайсызбы, ыктыярыңыз.
…Атам түбү койчу. Эс тарткандан эрезеге жеткенче, он эки перзенттүү болгуча, тиричилигин кой артында жүрүп өткөргөн, өмүр кечирген. Колундагы чоң атаман калган кызыл четин таягынан кокус ажыраса, жашоосу токтой тургандай коркуп кетчү. Ошондон улам, аны бекем кармап, жерге-сууга тийгизе койчу эмес. Балдарынын баары чиедей жаш, кол арага жараганы, бел тутканы эле мен. Ушул себептүү, мектепти бүтөрүм менен ага жардамчы чабан болуп алдым. Башка арга жок. Жалаң «беш» жайнаган күбөлүгүмү көтөрүп алып окууга тапшырганда не? Өтүп кетмек белем? Акчаңы эптеп тапсаң да, бере турган тааныш-билиш зарыл. Бечара койчуда бул экөө кайда, жок, эптеп этегин жаап олтурат. Жайлоонун жашыл төрүнө кой жайып, кырында жамбаштай жатып кымыздык чайнап дегендей, жайлоо жайлоо да. Салкын, таза аба. Атты алчаңдата минип, айран-сүткө малына шатырап турмушка аралаштым. Көкүрөк, боюм чатырап толуп, каткырыгым аскаларда жаңырып, эчтекеден бейкапармын. Колхоздун комсомол комитетинин секретары Нажинин коштоосу менен бир күнү төрт киши келди, койлорду эми эле ылдыйлата сууга айдап түшкөнүмдө. Тигилер аларды аралай басышканда кыртышым сүйбөй тырчыдым. Чын да, кандай чарбадар семиз койлорду араламак эле. Ал эмес, четтен саресеп салбай өтөр өзүн билген…
Бирок… өлүп кеткир… жерге киргир… Пастек бою күржүйгөн, чулу моюн, жашы элүү таталап калган киши койлор эмес, мени тигиле тиктеген бойдон эсенеси катып тостоюптур. Ушунчалык сугалак көрүндү-ү, шаштым кетти заматта. Ийменбедим, бирок. Көзүңө көкөнөк дегендей кыязда нары бурулдум. Албетте, өзүм курдуу болгондо колумдагы камчы менен тартып жиберишим да ажеп эмес эле сенектей селейген эмени. Ошол күндөн тарта негедир тынчым кете баштады. Бир нерселерден эле гүмөнсүрөй берерим жок, бирок кандайдыр жамандыкты сезибаткандай туюмдарымдын галаты болубатышы, кыялымын чачылышы… Болбогон эле нерселерге ичимен туталанам. Буга өзүм түшүнбөдүм. Неге деген суроо да бербедим. Койлорду көлөкөлөтүп коюп, ичкериге эми эле киргени калганымда Нажи өз «Жигулиси» менен леп этип дагы келди. Ага карап туруп калдым. Машинанын добушун эшиткенби, ичкериден атам чыга жалпаңдап, келиң эле келиң деп утурлай басты.
– Кызыңызды депутаттыкка көтөрүшөт окшойт. Бактың ачылып депутат болуп калсаң, баарыбызга пайдаң тиет, – деп машинадан түшүбатып эле атам экөөбүзгө алмак-салмак тиктей бапылдап, сигареттин ышынан саргарган тиштерин көрсөтө ырсайып шыпшынды, дароо жөнөө керектигин да айта шаштырды. Депутаттык, анын пайдалуулугун кайдан билейин, оболу анча көнгүм келбеди. Бечара атам, апам экөө күргүштөп туруп алышты.
– А дагы анча-мынчасына насип этпейт, кызым! Бар, барагой, кийин дагы райондон жогорулап кетерсиң. Бактың ачылар, кыйылба. Андан көрө кубанбайсыңбы.
Чыны ошо сөздөрдөн кийин кызыктым. Өзүмдү депутат элестетип, колмо-кол жүргөндөй туюлуп, анча-мынча депутаттар тууралуу эл оозунда тамшана айтылган сөздөрдү эстей компоюп, алардын айыл адамдарынын жыйындарында чак-чак эте сүйлөгөндөрү кулагыма жаңырып… Ошол тейде жасана-түсөнө коюп, Нажинин машинасына олтурдум. «Жигули» автомашинасына биринчи жолу түшүшүм. Тим эле зыпылдайт, жумшактыгын айтпаң. Радиосу бар экен. Нажи анын бир жерин басып койду эле Рыспайдын үнү созолонуп баа-ар бир ажайып дүйнөгө туш келгендей бөжүрөп, момурап, былк эткенден тартына жым олтурдум. Эски-Ноокат жолуна түшкөндө Нажи дагы газды күчөттү окшойт, ого бетер зымыраган «Жигули» учуп эле бараткандай туюлду. Капкара тасмадай созулган асфальт жолдун тегиздиги белем, бир дүрүк эткен же тырык эткен үн чыкпайт.
Ушуларга алагдылана Эски-Ноокатка, жолдун эки тарабына эгилген мырза теректерди аралай кирип келгенибизди Нажинин ылдамдыкты төмөндөткөнүнөн түшүндүм. Айылдагы үйлөргө караганда мындагы имараттардын көрүнүшү да аңдатты. Дубалдары ак, кызыл кирпичтер менен кооздоло тургузулуп, төбөлөрү да өзгөчөлөнтө жабылып, коиңки, кыштактарга караганда кыйла аала көрүндү. Оңго бурулганда заңкайган маданият үйүнө ого бетер кызыга карадым. Кооз экен. Сүрөттөрдөн көргөнүм бар мындайды. Андан ары аз эле жүргөнүбүздө үч кабаттуу чо-оң имарат аппак болуп көрүндү. Ага да таңыркай карадым. Кабат үйлөрдү кинолордон гана көргөмүн да. Баарынан сол тараптагы кең аянтта түбөлүк оттун күйүп турганын, асманга бийик атыла түтүктөрдөн чыгып жаткан сууга аң-таң кала бурулубатып тамашаладым. Анткени, район борборуна биринчи жолу келишим, булар мага абдан кооз көрүндү. Өзгөчө жыпжылаңач болуп алышып жаш балдардын ызы-чуу түшө ошо фонтандын көлмөгүнүн ичинде ойноп жаткандарынын бир ажайып экендигин айтпаң ов. Көңүлүм кушбактанды, кубанганыман оозум ачыла, көздөрүм пар-пар этти. Жанакы аппак имараттын үчүнчү кабатына килем төшөлгөн шатыча тепкичтер менен өйдө көтөрүлүү да көңүлүмдү алеп-жалептентип…
Ошону менен эле бирге баякы кыжалаттанткан нерсе да кетпеди. Дүпүйөт бир жеримде. Не экенин түшүнбөйм. Жогорудагыдай абалда Коммунисттик партиянын райкомунун биринчи катчысынын маңдайында турдум. Далдырап эле калдым эптене албай. Ал алиги кашка баш экен, ордунан тура жакын келип учурашууга колун сунду. Өтө жумшак, былбыраган аппак колдору менен билинер-билинбес калтырай сунган колумду бекем кармап, коё бербей жүзүмө сугалак тигилди. Алиги тынчсыздануум дагы туюлду, оңтойсуздандым. Шол эле мезгилде жошодой кызарып, беттерим албыра кызып чыкты. Бирок болбурабадым. Колумду шарт тартып алдым. Тиги мыйыгынан жылмайды.
– Нажи айттыбы? Сени районго депутат кылып койдум. Күбөлүгүңдү, значогуңду тапшыралы деп чакырттым эле. Жаш чабандардын чыгааны болубатасың.
Кайдагы чыгаан чабан? Иштегениме эки ай толо элек. Болгону атама жардамчы койчумун. Тигинин мунусуна да түшүнбөдүм. Макталып жүрчү чабандарды жакшы билемин го? Аң-таң калдым. Булар кааласа ушундай да болорлугун кайдан билем. Ал столдун үстүндөгү мурда эле даярдалып коюлган депутаттык төш белгини алды да көкүрөгүмө такты, күбөлүктү колума карматып жатып дагы алигидей тигилди. Оңтойсуздана не кыларымды билбей турдум улуу кишинин алдында. Акырында куттуктаймын деп маңдайыман акырын өөп койду.
Чалыштай эшикке араң чыктым. Нажи күтүп турган экен, ал да куттуктады. Бак-бак сүйлөбатты. «Жүр эми, ресторанда жуубасак болбойт. Адамдар чуркап да буга жете албай жүрүшпөйбү. Сага Кудай өзү берди», – деп каткыра күлүп, куду өзү депутат болгондой тарактады. Жайдаңдай жетелеп жөнөдү.
Нажи тирелей ой-боюма койбой жатып, чай куюм эле деп отуруп, ресторандан коньяк ичирип койду. Мурда классташтардын анча-мынча боло койчу кечелеринде азыраак вино ичкеним болбосо, башкасын татыган эмесмин. Башым айланып, көздөрүм бозоруп калды. Беттерим чымырай лапылдап ысып чыкты. Түбү айып өзүмдө. Кыстаса эле, жапылдап-сапылдаса эле макул көргөнүмүн өзү жаш кызга эп эмес да. Алдангыдай акыл-эсим жайында болсо. Кой деп койсом, оозума зордоп куймак беле. Жок. Анте албайт болчу. Нажинин тыртыштаганына карабай кеттик деп көгөрүп олтуруп, акыры ресторандан чыктык. Паам-парасатымын жоктугун караң. Ирешире мезгил болуп калган экен, ушунчага жүрө бергениме тынчсыздана түштүм.
Машинага олтургандан кийин Нажи бир жерге дароо кирип чыга калабыз, менин ишим бар деп дагы башка жолго салды. Бир бактуу үйдүн жанына барып токтодук. Нажи үйгө кирип кетти. Кыйлада кайра чыкты орсок тиштерин арсайта күлүп.
– Оокаттары пышып калыптыр. Анан дароо чыгабыз. Даяр тамакты таштаган жарабас.
Имне жаман ой болсун менде, кыйылсам да аны ээрчидим. Яп-пирим ой, эшиктин астанасынан тарта эмес, дубалдарына чейин килемге толгон бөлмөгө кирип барып, оозум аңырдай ачылды. Ортодогу столдун үстү куду мейман күтүлө тургандай дүйүм тамак, мөмө-чөмөлөр менен толтурулуптур. Калтаарып калдым бөлмөдө эч ким жок болсо да. Нажини карадым аңырая. Ал мени түшүнө «көрдүңбү, турмуш ушундай» деген кыязда каштарын кере башын ийкектетип койду. Ошо тапта эшикке дагы бир машина келип токтогондой болгонун туйдум. Аздан кийин үстүбүзгө райкомдун секретары кирди.
– О Нажи азамат, силер келип калган экенсиңер да. Кана, столго олтургула. Кызым, депутаттыгыңы жууп берейин деп ушул жерге бирдекелерди уюштурта койдум эле. Эмесе, өз үйүңдөгүдөй кысынбай олтура бер, – деп секретарь мени столго жетелеп олтургузду.
Нажи чай-пай куюмуш этибатты да , анан бир жумушту бүтүрүп коёюн деген бойдон сыртка чыгып эле жоголуп кетти. Жымжырттык бөлмөнү каптап… Тиги киши тамагын түзөй жөтөлүп койду. Ошондо чочуй селт эттим. Элейдим. Ал дагы быякысындай тиктеп мелтиреди.
– Депутат болдуңбу, эми келечегиңе кең жол ачылды. Биз менен ынак болсоң, кызматтан кызматка көтөрүлөсүң, турмушуң жакшырат. Жакын арада коммунисттик партиянын катарына өтөсүң. Жакшы кыз экенсиң, Кудай буйруса колхозго раис болуп калышың ажеп эмес.
Ушуга окшогондорду божурабатты тамактануу арасында, бирок көзү өтүп баратты менден. Акыры чыдамы кеттиби, ордунан козголду да жаныма басып келди. Тура калдым. Ал шап белимен имере кучактай чап жабышты. Мындайды күтпөгөн жаным не кыларымды билбей анын оозунан беттеримди ала качканга гана жарап тыртыштап тыбырчыладым. Шордуу башым, күчүм жетмек беле букадай немеге, ошол бекем кучактаган бойдон так көтөрүп, дагы бир башка бөлмөгө алып кирди. Бир бакырып үнүм чыкпай калды, катуу коркуп кеттим. Мурда эле даярдалып коюлган кроватка жакын алып барып, жаагыма быртыйган шапалагы менен ушунчалык катуу чапты, көзүм караңгылай түштү… Оор салмак менен басып калганда демим кайта, пытырай албай, кыймылдай албай… атамдай болгон эме, күш-пыш эткенде апа деп бир бакырдым. Эс-учуман кеткен сымал кары дененин астында бычырай тумчуктум.
Баары ушунчалык тез, күтүүсүз болгондуктан, аздектелүү намысымын дароо тебеленип тепселип, айрандай төгүлүп калганын түшүнбөй, өзүмө келдим. Нажи жанымда жатыптыр. Анын неге минтип жатып алганын кайдан түшүндүм, көрө коюп эле кантип ордуман тура койгонуму билбейм, кроваттан учуп түштүм да, эшикке умтулдум. Бирок сыртка чыга албадым, башым айланып, килемдин үстүнө күп дей кулап түштүм. Баякы полпулдаган пар балыш коюлган, мамык төшөктөр салынган кроватта жатып эсиме келдим. Көөнүм азды, окшудум. Дарманым куруп калган экен, а деп оозумду ачып бакыра албай, көз жашым куюлду. «Сенин бактың ачылды. Аксакалдын көзү түшүп калган экен, буга баары эле жете бербес. Мына, карасаң, кандай сонун кофта, юбка. Япониянын оромолу. Эми ата-бубаң көрбөгөн нерселерди көрөсүң, ичесиң, жейсиң. Оозуңан чыгарчу болбо… ушу… бирөөлөргө… А так… Билбейм», – деп Нажи бир нерселерди тынымсыз кобурабатты. Мен аларды кулагымдын сыртынан кетирдим. Дүйнөм улам бөксөрүп бараткандай, тайыздап калгандай туюлуп, ошондо гана бакырып озоңдой катуу ыйладым, тытындым. Ордуман турдум, кыздык курагымдын кыярган белгисинен айрылып. Көзүмө эч нерсе көрүнбөй сыртка чыктым. Үрүл-бүрүл мезгил экен таңдын шаңгалаты кирип. Тоо тараптан соккон муздак жел ичи-койнума кире жалмалап жиберди. Эмне ойлогонуму билбейм, ушул эле жерден алыстасам дедимби, айтор, башым оогон жакка катуу чуркап качып жөнөдүм. Артыман бир кадам да калбай чуркап келаткан Нажинин кой-ай дегенин укканым жок. Жылаңайлак буттарымды чөңөрлөрдүн тилибатканы да сезилбеди. Чоң дарыяга туш келдим. Коркуп кеттим. Шуулдап аккан суунун сеси бүткөн боюму дүрүлдөттү. Бирок… бирок… Ичими тыталаган басынтуу, кордоо көз алдыман кетпей… Көзүмдү жумбай туруп сууга боюму таштадым.
Нажи өлгүр кармап калды. Чаңырып кыйкырдым. Жулундум… оозумду дымдады. Карылуу колдорунан чыга албай алемимен өз бетими өзүм апчып тыткыладым, чачымы жулдум. Акыры шайым ооду. Ал мени тыбырчылата баякы үй тарапка көтөрүп жөнөдү. Андан бошонуп чыгууга менде кайдагы дас. Жетим улактай лалагандан башкага жарабадым. Ошол күнү эле ал мени үйүнө алып келди «ала качтым» деп. «Көптөн бери сага көз артып жүргөм, мен сага үйлөнөмүн. Баякы үйдөгү нерселерди унут. Болору болду, мен аны түк көңүлүмө албай өзүңдү төбөмө көтөрүп жүрүп өмүр кечирүүгө баш койдум. Мен сендикмин», – көкүрөгүн койгулап, башын алдыма ийди. О өлүгүңү көрөйүн, кашка баштан кийин жаныма жатып алганынын себеби ушул экен да. Жым-жым тындыруу турбайбы ойлору. Пиландарин карасаң. Ичимен үзүлгөн бир учук жиптин учун таба албай калчылдаган жаным эптеп эле ушул желмогуздан кутулуунун пайитинда элем. Бирок… абийирим… айрандай төгүлүп калган абийирим турду бозоруп… Аны кантем? Кимге эмне дейм, шарманда болдум деп кантип айтам? Буркурап ыйлабатканымда көңүлүмдө ушулар гана чалды-куйду турду. Кошуна-колоң катындардын тастайган уятсыз, шерменде дегендей кылыя тиктешип, күбүң-күбүң эткендери, атам, энем түгүл бир туугандарым, жакын урук-туугандарымын селейгендери көз алдымда жарк-журк этибатты.
Ушул куру намыс, ариет мага окшогондордун шорун кайнатат чамасы. Адамдарды тиктей албай жер көз болуу кишендеп, шалга айландырат окшойт. Айласыз көнүүгө, моюн сунууга байлап берип, бүт өмүрүн дозокко айландырат тура. Э мага окшогондордун ошол ариеттеринен үргүлдүм, кечтим. Ушуну ошондо түшүнгөнүмдөбү…
Нажинин ата-энеси, урук-тууганы тойго камына башташты, менин артыман али «куугунчуларым» келе элек, ата-энемдин бир жаңсыл сөзүн эшитишпей эле, ошо койчунун колунан эмне келет деген ойдо болушса керек, союштарын союшуп казандарга салып коюшту. Түн оо бир оокумда нике кыйылды. Кыз «кууп» келишкен атамын уругунун келин-кезеги, жакындары, апам кетишип, эки жеңем калды. Мен ыйлагандан башканы билбейм. Шорум шорподой кайнабатканын аңдай албасам да ыйлаймын, өпкөлөймүн, шолоктойм. «Ой, кыз, көп ыйлабачы, эмне эле мынча адамдын муунун бошотосуң? Бир билгениң болсо айт. Бала жаман эмес экенин баарыбыз билебиз. Мындан артык жер колхозубузда жок, колдору өйдө немелер. Түбү чоң болуп келген кишилер менен… Кой токтот, ыйыңды», – дешип үйрүлүшкөн жеңекелеримин сөздөрүн эшитпедим. Бирок кыздын атасы макул болуптурду укканымда кармап, илешип турган шыбагым үзүлгөндөй боло эсеңгирегенмин.
Акыры тил-оозсуз калдым, мелтейдим. Каада менен төшөк үстүнө чыгаруу жакындады окшойт, жеңелерим калыңдатып төшөк салышып, ысы-чырагын күйгүзө башташты. Күйөө баласынын бут кийимин чечимиш болушуп, беш-он сом акча алышты да, колунан жетелеше төшөк үстүнө чыгарышты. Ал тим эле кудуңдап, шайырланып ыржалактайт. Мени да жетелешти, кетенчиктедим. Кечээки түнкү окуядан өлгүдөй калчылдадым. Нажини ушунчалык жек көрүү менен тиктебаттым, тиги көздөрүн ала качса кана, кымыңдайт. Жеңелерими эртеси абдан сыйлашты, ой-дөбө буюмдарды түйүп беришти да, ак «Волгага» салышып үйлөрүнө кайтарышты. Алар лам деп ооз ача албай кетишти. Күйөө баланын энесине эчтеке көрсөтүшө албай күнөөкөр шылкыйышты. Кыярган кыздык белгиси жок бейбакка жеңе болушкандыктарына арлары келишип, эриндерин бекем кымтый тиштешти. Санымы көгөртө бурап да койду бири. Сетирейип кала бердим.
Он-он беш күндөй убакыт өттү. Муздай тоңгон жүрөгүмдү эч нерсе алагдылай албады. Атама райком тарабынан ак «Жигули» берилгендигин уктум, ого бетер дымыдым. Кыз бейбак жүрүп кыңкайып койгон экен да бирөөгө дечүлөрдүн шыбың-шыбыңы кулагыма жаңырып… мындай баса каткырып күлүшө тургандай туюла берди. Албетте, бул турган кеп. Ошентишибаткандыр.
Нажи ой-боюма койбой Ошко барып көңүл ачып келебиз деп эрчитип алды. Шаарга биринчи жолу келишим, кайната-кайненем айтмакчы, бир нерсе көрбөгөн жаным, оозум ачыла Нажинин жанында жүрдүм жансыз… Акыры чарчап, башым ооруп чыкты. Кетебиз дедим. Тиги уккусу келбей ылжактайт. Киного кирип, кайра чыксак, бир маал болуп калыптыр. Ноокатка кайра тарттык. Куптанга жакын жете келдик. Мен эч жакты караганым жок. Машина токтогондо башымы өйдө көтөрсөм, баякы килемдүү үйдүн жанында экенбиз. Катуу бакырып жибере жаздадым. Жүрөгүм оозума тыгылып калгандай каттым. Ошол ыплас үйдөн кайра чыккандан кийин, маң болдум да аңырайдым. Эки-үч күнгө чейин быртыйган жылаңач кашка баштын түсү көз алдыман кетпей туруп алды. Ой-боюма койбой чырылдатып үйгө сүйрөп кирген, экөөбүз жатабыз деп алдаган орсок Нажинин маймылга окшош суук түсү улам көңүлүмө чагылгандай чартылдай берди. Ага аралаш секретардын бети-башымды, мойнумду чопулдата өпкүлөгөндөрү, күшүлдөгөндөрү улам селт эттире чочутуп туруп алды. Кийин… Шырп этсе:
— Апа, – деп бакырып ордуман тура калып, анан буркурап ыйлап жүрдүм. Буга эч ким назар салбады, сейребеди. Акыбалдан чыгуунун тешигин өзүм таппадым. Туюк. Шөлбүрөйм, төгүлө ойлоном. Өзүм менен өзүм гүдүрөнөмүн, маңмын. Же минтпейсиңби деген бирөөм жок. Акыры чыйралдым, чыйрыктым бул дүйнөдөн. Уят дегенимен эртең бир жакшы нерсе чыгарынан түңүлдүм жаш болсом да.
Түн жарымынан ооп калган. Жанымда жаткан Нажинин исталасиз өңүнө жийиркеничтүү карап көпкө турдум. Анан ордуман тура сыртка чыктым. Чоң-кичине казандар орнотулуп, беттерине жалтырак плиталар жабыштырылган, кайнатам менен кайненем айтмакчы, кембагалдын бар тапканына тете курулган очокко жөлөнүп турган курч айбалтаны колума алдым да, үйгө кайра кирдим. Ошол, алиги ыпылас үйдө Нажинин колумду кайрып жүрүп кроватка чаап, үстүмдөгү кийимдеримди тыта жылаңачтап кашка башка кармап бергени ушу тапта жарк-журк эте көрүнүп, оюман кайтчу түрүм жок.
Уйкусунан ал ойгонбоптур, жылып жанына бардым. Айбалтаны өйдө көтөрдүм. Бүткөн боюм калчылдап… коркуп… шарылдаган кан көз алдыма тартылды. Нажинин кокосунан чыккан гыркырак, денесинин диртилдегени сенектей катырды. Арам өлгүрдүн чүңүрөйгөн чанагынын ичиндеги ыш баскандай саргычтанган көздөрү ачыла мага тиктеп, жалдырагандай көрүнүп кетти. Өлүгүңдү көрөйүн катындыгым да, айбалта шилтенбей колуман дүк эте түшүп кетти. Нажи ойгонду. Мага карап көздөрү алайды, килем үстүндөгү балтаны тиктеди, жаны чыккыдай коркуп кетти. «Ап-а-а», – деп кыйкырып жибергени кыйкылдады, муунгандай көмөкөйүнөн араң жутунуп, ыргып ордунан турган бойдон селейди. Сары түгү тикчийип, өңү боз чүпүрөктөй өчтү, бүт тулку калчылдады ыштансыз жаткан эменин. Бар болгон адамдык исталасин жогото сенектей катты. Айсыз жылдыздардын шаңгалатына гана агыштангансыган караңгылыкта жайлоо тарапка өрлөп келаттым. Ошояктан леп эткен муздак жел уйпаланып, апсайган чачтарымы үйлөй сылап, башым өйдө көтөрүлгөн. Мурда эле ушинтип качып кетип калбаганыма алемим күчөй утуру солуктап, утуру өпкөлөбаттым. Агари жайчылыкта болсо, бул ээн жерлерде ким болсо да, коркконунан элеңдей эки жагын каранмак турсун, демин быш эттирип катуураак чыгаруудан сестенмек. Эчтекеден коркподум, ал көңүлүмө кылт этпеди. Бул менин жан ачуум, баарынан кечип-кечип таштаганыман эч нерсени сейребегеним эле.
Таң агарышканда Апшыр-Атанын оозуна жеттим. О-о аска боорундагы үңкүрдүн оозундай үңүрөйгөн тешиктен атып түшкөн сууга бетими чайкадым. Ошондо ичиркендим. Атлас көйнөгүмүн этек-жеңинен гуулдап кирип далбырттатыбаткан муздак желаргыга үшүп, калчылдап калганымы билдим. Бирок ага маани бербедим. Муздап, тоңуп калсам баары бир эмеспи эми деген куласанын бүт оюмду ээлеп алганына кайыл келген кыязда, ошо суу атып түшүбаткан бийиктикке карай аска боору менен тике курулган темир шатыга азгырылдым. Шаты менен өйдөгө көтөрүлө баштадым. Өтө шашылыш көтөрүлдүм. Кыялыма эчтеке келбеди. Шаты бүткөн жердеги кичине тайпага жеттим. Жетерим менен асманга, жылдызсыз көкмөк асманга карадым, башымды өйдө көтөрдүм. Кулачымды кең жайдым уччудай, көзүм өзүнөн өзү жумулду.
Улак маарады. Анын жалооругандай, эркелегендей дирилдеп чыккан үнү жаныман эле угулду, этегимен тартмалабаткандай туюлду. Көзүм ачылды. Чүрөктөй бир койкоюп учканы турган жаным жыбырай түштү. Шамалга делбектебаткан этегими жалмалабаткан улак дагы маарады, үнү ушунчалык дирилдеди, жалдырабаткандай, эреркебаткандай угулду. Аппак улакты кучактап алып, унчукпай кыйлага олтурдум. Көздөрүмөн жашым булактап агыбатты. Улак жылуу кучагымда пөкүлдөбатканын сезип, ага көңүл бурбай ыйлай бердим, ыйлай бердим. Кыйлага өңгүрөдүм. А улак эми безеленбей, жанакыдай ыйлагансыбай, кээ-кээде мекиренип коюбатты. Жүрөгүнүн дүкүлдөп согубатканы денеме кадимкидей билинди. Пөкүлдөбатты жантаттуулуктун магдыраткан шириндигине мооку каныбаткандай. Ага боорум ачыды, аядым. Айыпсыз көздөрүнүн мага жалдырагандай тиктегенине туруштук бере албадым. Аны боорума кыстым. Чымындай жанды чыркыратып жиберүү кыйын экен. Таңдын таптаза атышы, көңүлдү кушбактанткан салкын аба, жарык аалам. Кыя албадым.
Улакты көтөрүп ылдый түшүрүп койдум да, жайлоо тарапка чуркагандай тездик менен жөнөдүм. Буттарымы жайлоонун жолунун кум-ташынын канталатыбатканына карабадым. Шашке жакын кыйла жол жүрүп койдум. Өзүм кой жайчу жайык беттер алыстан көрүнө баштаганда артыман колхоздун сүт ташуучу машинасы жете келди, жаныма токтоду. Качып жибере тургандай кыязда жолдон четтей элейдим. Бирок шопурдун жалгыз экенин көрө туруп калдым. Ал да мага таң кала карады.
– Отур, – деп башын жан жагына шилтей кыйкырды.
Машинага түшүп олтурганымда да башка сүйлөбөдү, сурамжылабады. Өзүнчө кыңкылдабатты. Ырга окшоду ошонусу. Жайлоонун, анын арча жыты аралаш салкын, таза абасынын көңүлдү көтөргөнү да бул. Менин да кабагым кичине сүрүлгөнсүдү. Көп узабадык. Колхоздун раисинин вилиси артыбыздан жете келип, алдыбызга өтө тосуп токтоду. Нажи жерге түштү. Мага тигиле тиктеп бир дем унчукпай турду. Анан жакын басып келип, машинанын мен олтурган жагындагы эшигин тарак эттире ачып, түш дегендей ишаара берди. Мисирейдим. Тиктеп да койбодум.
– Атаңдыкына бирге барабыз. Өз колум менен тапшырып келейин. Дагы балааңа калып, ишкаш тартып жүрбөйүн.
Анын чын-жалган сүйлөп жатканына көзүм жете бербей, ишенбей олку-солку болдум. Баары бир айтканын орундаттым, жалдырама тийгендей унчукпадым. Атамдар олтурушкан конушка жетерибиз менен, машинадан атып түштүм да, туура чатырга чуркадым. Ызы-чуу болушуп чай ичишип олтурушуптур. Мени көрүшө баары селейишти. Эң кичине сиңдим: «Эже, эжем келди», – деп чуркап келип кучактап калды. Апам ыйлап жиберди. Эне экен да, энелиги да. Элүү жете элек курагында жүдөп, тунук өңүн бырыш басып, чачын ак аралай карый түшүптүр ушу мен күйөөгө чыккан аз эле күндөрдүн ичинде. Сезгендир, туйгандыр. Байкуш жүрөгү тыбырчылай солкулдап ыйлагандыр. О кыйлада тынчтандык. Нажи сырттан эле атама: «Кызыңыздар а-на. Аман-соо. Өзүңүздөр ойлонуштуруп туруп анан чечиңиздер. Адеп мен да убара боло бербейин, бир-эки күндөн кийин жеткирип коёрсуздар же сүт машинага салып жибериңиздер», – деп ороң-ороң эте опузалап, эки жакка катуу-катуу басып, какырынып, түкүрүнүп чатыр ичине кирбей кайта кете берди.
Атам байкуш анын артынан:
– Э, үйгө кириңиз. Партком болгонуңуздан бери келбей да калдыңыз. Кириң, – деп башын жерге сала бош, болбурап күңкүлдөгөнгө араң үлгүрдү. Тиги муну уккан да жок. Мынчалык бөжүрөбөйт эле. Саал тарактаган эле киши болчу…
«Баса, Нажи качан партком боло койду экен шүмүрөйүп… Мен билбептирмин го?! А өлүп кет, өлүгүңө отурайын», – ичимен каргап мен калдым. Паң башым, анын партком болгонун кийин түшүнүбатпаймынбы. Мени тиги доңуз копкурга кошуп берип жүргөн күндөрү көтөрүлгөн экен. Жуксуз, арамкор. Итатайым жаман тутулду. Өзүмдү жерге коё албай демим ичиме түштү. Алсыздыгыма, колуман эч нерсе келбесине алем болгонуман ага артынан акчыя тиктедим. Кандайдыр атам экөөбүз эки-үч күн бири-бирибиздин жүзүбүзгө караша албай жүрдүк. Акыры ээндеген паитта өзү сөз баштады:
– Кызым, атаң өлгөн. Сени кор кылып койдум. Бир ээ дешке кудуретим жок. У-у атаңын гөрү-үү!
Көзүнөн жашы мөлт-мөлт кетти. Шорок-шорок эттирип мурдун тартып шөлбүрөдү. Бечара гадай, кул сымал. Өмүрү бир нерсени көрбөгөн кишилердин акыбалы ушундай болорлугун кийин түшүнүп олтурбаймынбы. Андайлардын бедели дайыма кемтик, сынык жүрөт дөө-шаалардын алдында.
Атам сөзүн улантты:
– Ошо сени Нажи ала качкан күнү эле аксакал (райкомдун ошол кашка баш биринчи секретарын айтып жатат) өзү ортого түштү. Эки жаш бактылуу болсун деп бата тиледи… машинанын да калитин өзү берди. Абдырап калдым. Өмүрү андай абалда болуп көрбөгөн жаным, эмне дээримди билбей олтуруп, темселедим. Аттиң, өлүп эле калсамчы ошондо, кызым!
Жер муштагылап жиберди. Ак аралаган узун-узун каштары пыйпаланып, өпкө-өпкөсүнө батпай солкулдады. Бечара… сада киши. Алактап жүрүп алданып калгандай, анысына эми чыдабай өзүн коёрго жер таппай жүргөнү го. А мен баары бир машинасын да, башкасын да түшүнбөдүм.
– Бир айдан кийин машинанын пулун төксүн деген кабар алдым. Жанымда сары чака жок а. Кимге бармак элем? Баарынын тирилиги саналуу. Күндөлүктөрүнө ганимет тиричилик ко чекеден. Куп өлүп турган маалымда Нажи келип калды да: «Колхоздун койлорунан тандап этке айдаң. Бир илаажи таптым… Элүү баш айдай бериң. Калганын өзүмө коюң», – деп камбыл түшүндүрдү. Бул иштин артында эмне барлыгын кайдан билем ошол кезде. Семизинен, чоңунан тандап Кызыл-Кыяга элүү кой айдап бардым.Тапшырып, кайта бердим. Эки күндөн кийин Нажи бир чоң машина менен түндөсү келди да, дагы тандап элүү кой алып кетти. Кетибатып колума төрт жарым миң сом акча карматты. Аны райондук керек-жарак союзуна алып барып төктүм Нажинин айтканындай кылып. Баары бир көңүлүм жайында болбоду…
Атамын түшүндүргөнүнө караганда биринчи чоң койлордун ар бирин эт комбинатына экиден токтуга өткөрүшкөн экен. Кийинки элүүсүнүн акчасын өздөрү алышып, төрт жарым миңин атама беришиптир. Кийин райондон киши келиптир да текшерип, баягы жүз койду кайда алпардың деп катуу опузалаптыр. Чатакты ошо кашка баш араң токтоткон имиш. Өлүгүнү көрөйүн ошолордун. (Кечиресиз…Ушинтип өзүмү кармана албай каламын.) Көрсө, баары жокту өздөрү башташып, ушу мени, атамы кыңк этпес кул кылуу максаты менен өздөрү бүтүрүшкөн экен. Жаман иш болгонун гана билдим, калганын түшүнбөдүм.
Атамын ыйлап-сыктап бар дегенине көндүм. Ылаажы жок. Болбосо, атам камалат. Осолум он пул боло Нажилердикине ошо сүт ташыгыч машина менен өзүм жөнөдүм. Менин кайра келгеними эч кимиси байкабагандай, сейребегендей түр менен унчугушпады. Бир гана жери ошол кайтып келген күнүмөн баштап алардын мамилеси таптакыр өзгөрдү. Жүгүрүк жетимдей лепилдетишип жумшоолору күчөдү. Таң азанда туруп муздак сууга бети-колуму жуудум да, челекти алып атканага бардым. Желиндери жер чийген эки уйду дароо саап бүтүп, эшик-эликти шыпырып-сыйрып тазалоого өттүм. Чоң коргондун ичине бир сыйра суу сээп чыгуунун өзү эле бир тозок, белиң бекчейе түшөт. Ошо тапта чоң ачылып турган дарбазадан (дайыма таңга маал ушинтип ачып коём) зып этип «Жигули» кирип келди. Нажи масыраак экен. Түз мага карай басты. «Эй, Гүлү! Мени сурап келгендерге жок деп койгула. Анан өзүң саздангын. Кеч конокко барабыз. Чакырышты», – деп араң сүйлөдү да, өз бөлмөсүнө (кийинки кездерде экөөбүз эки башка бөлмөдө турчу болгонбуз) кирип кетти.
Кечке түйшөлүп бир тынбай, көчүк басып тамак жебей тил-оозсуз үйдүн түйшүгүн кылдым. Арга жок кара күңгө андан башка. Кыңк этсем, атам түрмөгө кетет. Муну түшүндүрүшкөн. Куптанда гана өзүм жатчу бөлмөгө кирдим. Чоң күзгүнүн алдына бардым да, өң-башыма бир саресеп сала карадым. Баякы тордошкон бетимдин кызылы өчүп, өңүм ак куба тарта азып кетипмин. Көздөрүмдөгү кечээки эле жалындаган жаштыктын дүйнөгө кумарланган учкундары жок, суз караган башка бирөөнүн көздөрү жалдырайт. Арыктыгыман узун мойнум алманын сабагындай кылтырайт. Канча олтурганымы билбейм, мисирейип катып калган экем, Нажинин тарткылаганынан баш көтөрдүм… Ошондо дагы бул жарыглыктан биротоло кечкендей, мындан быягы баары бирдей туюлган кыямда болсом керек, дагы ошого алып барарын дароо түшүнө унчукпадым. Бул менин ынай баштаганым эле. Көңүлсүз кийиндим да, сыртка чыгып, машинага көнүмүш адаттагыдай олтурдум. Жапжаңы «Жигули» кара тасмадай созулган асфальт жол менен зуулдап дагы Эски-Ноокатка карай жөнөдү. Түз эле баякы үйгө келип түштүк, мен боолгологондой.
Көрүп жүргөн үстөл баякыдай дүр-дүйнөгө жык толо. Жүзүм, анар, коон, дарбыз, мейиз, чагылуу жаңгактар… толубатат. Көөнүм эч нерсеге чаппай суз олтурдум. Нажи арак куйду ыржалактай күлүп. Куюлган аракты ичиркенбей туруп ичип жибердим. Тиги саамдан кийин дагы куйду. О бир саатчадан кийин бети-башым дуулдай ысып, бүйрөм кызый каткырып күлө баштадым. Мас болубатканымы сездим. Эмне калды тартынар? Кимге уят? Аянар бир нерсем жокпу? Эми быягы өлүп кетсин деген ойлор эзип, дүниянин, жашоонун бети көзүмө көрүнбөй өзүмдү бош койдум. Нажинин оозу жалаяктай жайылды. Ошол күнкү кылыгыма өзүм да азырга чейин таң калам. Себеби негедир кашка баш секретардын тезирээк эле келишин күттүм. Убакыт улам созулуп, Нажиден жадап кеттим. Тийишкиси келе арсалаңдаса, жакын жолотподум. Сунган аракты иче берип көздөрүм алачакмактанды. Бирок жүрөк мыжыккан кайгы-капам кайдадыр алыс сүрүлүп, эмнеге экенин билбейм, көңүлүм көтөрүлө баякы каткырыгым күч алды. Адимен ашып, үстүнө каймак куюлган салаттан чеңгелдеп алып, Нажинин бетине уруп жибердим. Ал селейди. Ишим эмне, ого бетер анын батташкан бетине табам кана каткырыгым таш жарды. Нажи алам кылып бетиндегисин дасмал менен сүртүп эле ордунан тура мага окторулду. Бирок жетпей калды. Өйдө көтөрүлгөн шапалагын түшүрбөй ордунда катты.
Марапат башын жаздыкка шылк таштады. Ыйлаган жок. Көз жашы түгөп, кургагандай чыкпады. Мерч болгон бир жери гана алем боло ызалангандай, ачышкандай чым эткенсиди, өзү да каери ошенткенин ажырата баамдай албады. Үстүндөгү көрпөнүн өңүрүн мыжый катуу чеңгелдеп, эрдин кесе тиштеген бойдон көптө көздөрү уйкуга кетти. Түш көрбөдү, бирок аябай шолоктоп ыйлады. Өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлады. Уйкудан утуру бейзапта болгон, кыйналган жаш неме ойгонбоду. Жашы аккан көздөрү ачылбай бирдекелерди жобурай берди. Балким, көчөдө калган жалаптын кызы, сен абат белең, түзүк болуп ким боло коймоксуң, бари бир апаңдын көчөтүнө кирерсиң деп, кошуна жашаган бежай катындардын шалпыгандары, мыскылдаган өңдөрү көрүнүбаткандыр ошол ачылбаган көздөрүнө. Ар кимдин зыннаасы, көрүнгөндүн түрткүсү, өзү курдуулардын «жалаптын кызы» деп шарактоолору – баары анын үлпүлдөк көңүлүнө берч болуп катып калган. Буга көнгөн. Бозурайып темселөө, башы жерге тийгиче салынуу жүрүү менен бой тарта баштаган Марапаттин уйкуга канбаган түндөрүнүн дагы бири ушинтип улгайыбатты.
Негедир кийинки аптада Татубүбүнүн «иши» жүрүшпөй калды. Өзү көчөдөн жабышып жүрүп эрчитип келген «балдарынан» жарытарлык эчтеке түшпөдү. Түбүнөн кутурган эменин өзүнүн шапшынып, кашынып алганы болбосо, арак сатчу дүкөнчөлөрдүн алдында шалдырап жүрүп ар кимдин кешигин иче коюп жан сактабатты. Үйдө наар алар эчтеке калбады. Марапаттин ач-жылаңачы эсине да келбеди.
– Э өлүгүңдү көрөйүн! Неге карааның өчүп кетти. Келемин дебедиңби.
Дагы бир күнү шып этип кирип келген Жаңыбайды каргап-шилеп таштады Татубүбү. Ошентибатканы менен, жоготкон нерсесин таап алгандай ачык мулуңдады.
– Аңыраңдаба. Сага окшоп машшайттан колум бошобой жүрдү дейсиңби. Өкматтин иши көп, келди-кетти тынбайт.
Жаңыбай да бош келбей бак-бак этти. Шашылбай кыйчылдап араң турган стулга олтурду коомай этияттанып. Анан коюн чөнтөктөрүндөкү эки бөтөлкө аракты стол үстүнө шырыңдата койду.
– Көп жөөлүбө, арагыңы куй. Тамагым кургабатса…
Татубүбү жанданды. Бир-бирден сеп этишти экөө. Жаңыбай бырышып-тырышты ачуу арактан. Татубүбү чым этпеди. Дайыма тарелкада турчу майдаланган куруттун күкүмдөрүнөн экөө тең ооздоруна бир бүдүрдөн салышты. Жүлжүйгөн митайым көздөрүн Татубүбүдөн албай аңдыган Жаңыбай кытмыр мылжыйды. Көңүлү көтөрүлгөн тейде аракты тигиден алысыраак жылдырып коюп, маашырлана чалкалады. Чөнтөгүнөн аялдар чекчү узун, ичке сигарет алып чекти. Түтүнүн өйдөгө бурулдата үйлөдү.
– Куй.
– Жок.
– Куй деймин, сарытамыздай болгон өлүгүңдү көрөйүн!
Жаны чыга калч-кулч эткен Татубүбү Жаңыбайды жеп жиберчүдөй чекчейе тиктеди. Ордунан козголду. Тура албады. Болгону кроваты гана муңайым кыйчылдады.
– Макулсуңбу? Өткөндө сүйлөшкөндөйбү. Акчасы нак. Азыр төлөп беремин.
–Куй.
Чекчейген бойдон Татубүбү Жаңыбайды коюп жиберчүдөй обдула ордунан тура калды. Тиги да бош келбеди. Ичкиси аябай кыстап келген аялдын акыбалы ага маалым. Атайлабатты. Шаштысы дагы кете түшүшүн күттү. Ошондо сынат да бу жадигер, атасы көрүнбөй калар көзүнө.
– Ынадыңбы?!
– Ы-ы… Куй, өлүгүңдү көрөйүн! Ана кыз. Алып кете бергиле. Бирдеке болсо…
– Оболу пулду ал. Мына, жети жүз элүү доллар. Эки уй келет. Мындайды көрбөгөндүрсүң өмүрүңдө. Катып ал, жоготуп койбо. Эми ичели, кел…. Маз-за болдубу, Татыш!
Татубүбү акчаны шап алып, жаздыгынын астына таштап койду. Анан толтура арак куюлган стаканга кол сунду. Ыракаттана ичип, аз калганда татымдап, даамдап, таңдайын гаркыратып, чырып-чырып эттирип…Жутуп бүткөндөн кийин «ух-х» дей үшкүрүп, кроватына чалкасынан түштү. Карачечекей кызын дарткем деп жибергенин ойломок түгүл, кыялына келбеди. Туйгу-сезиминде кооптонуунун белгиси пайда болгону, бүлбүл эте түшкөнү менен иши эмне. Ана, адамга окшоп коңурук да тартып жиберди, «ко-рр» этип алган демин «уу-фф» деп чыгара. Жаңыбай култуйду.Өңү кубулжуп, өкмөт башычылыктан түз эле орун басар аким болуп калгандай шенейди. «Кыз топиң, өта кетиварган чиройлигидан аңглаңг, хокимчиликга көтариламан десайиз», – деп акимдин биринчи орун басары Таиржан Шакиржановичтин тарактаганы кулактарына кайрадан жаңыра түштү ошо пайитта.
– Э-эй, киргиле, – деп сыртка өктөм үн салды шерденип.
Татубүбүнүн алып кете бергиле деп кыйкырыгынан ойгонуп, бирок уйку-соодо бейгам жаткан кызды сырттан кирген шаптай эки жигит пытырата улактай басышып, бакыртпай өз көрпөсүнө орошуп көтөрө жөнөштү сыртка. Ошондо да мас, акылдан азган эме башын өйдө көтөрө күңүрт эле ыңгыранып койбоду. Кайсы бир туйгу жүрөгүн болк эттирди, бирок азган акылга бул жетпеди. Апаа! – деп бакыралбай Марапат тумчукту…Аракка акылын алдырган эне былк этпеди…
Терең улутуна Марапат оң капталына оодарылыбатып күңгүрөнө сүйлөндү, башын өйдө көтөрбөй «ту-фу» деп үйүнүн жайдак, чаң баскан полуна түшкүдөй бүркө түкүрүп жиберди. Пулга сатып жиберген апасынбы, болбосо Жаңыбайдыбы, үнүн дапдаана чыгарып каргады. Ошо тумчуккандан башкасын эстөөдөн зааркандыбы, айтор, үнү буула-буула калтырап токтоду. Көздөрүн чылк жумду. Ошентсе да башынан башталган нерселердин калганы да оюна түшө берди, тизмектеле уланды…
Бир дүрүк этпей шуулдаган жеңил автомашина Эски-Ноокаттын тар, бирок жарык көчөлөрүнөн токтобой өтүп, чоң көпүрөгө жеткенде секиндеди, о качандыр асфальт төшөлүп, эми солго бурулган жерлери котур болгондой бузулган аңгил-дөңгүл жолго түшүп, чыңк ылдый дагы зуулдады.
– Сабыржан ака, бу ишти таги ыплас көринмаяптими.
Шопур жанындагыга корккон түрдө колдурай сүйлөдү.
– Ошондой көрүнөт… Дайыма кыз издешет бул энеңди урайын чоңдор, ыпыластар. Чырайлуу кыз тапкыла дегендерине караганда жогорудан дагы бирөө келгендир да бу кошмочуларга, – деп Сабыржан кыргызча гырт сүйлөдү.
– Ахийри ахботичи?
– Эчтеке болбойт, бу Таиржан менен Абдимиталга сар келер киши жок… Э-э үка, чоңдордун бети курусун. Кыргызы да, өзбеги да бир гөр булардын… Сен жаңы эле шопур болуп келип билбейсиң. Менин иштегениме көп болду… Бала-бакыра багам деп…Абдимиталга шопур болуп…
Алар ушинтип бүткүчө эки тарабынан аккан дарыялардын шоокуму угулуп турчу алиги генералдын үйүнүн дарбазасына машина жете келди. Абдимиталдин шопуру машинадан шап түшүп, буттары жерге тийип-тийбей барып дарбазаны ачтырды. Машина кирери менен өзү токтобой үй тарапка шыпылдады. Жаркыраган чоң залды жаңырта койбой андан өтүп, шыбырт чыгарбай меймандар гана тамактанчу төркү бөлмөгө лып кирип барды. Түркүн ичимдик, мөмө-жемишке, тамак-ашка үстү жык толо жайнаган столду тегеректеп олтургандар бейгам белем же ортодогу сөз өтө курч, жашыруунбу, күңк-күңк эте сүйлөшүбатышкандардын эсенеси катты, баары дымыды. Бир паска селейишти.
– Э-э-неңди…мышыкка окшогон сволуч эшек!
Баарынан мурда өзүнө келе түшкөн Абдимитал сөгүп жиберди, тепең эте ордунан ыргып тура калды да, тыпылдай басып барып өз шопурун жаакка чаап жиберди. Каристердикиндей бүтүгүй көздөрү ийненин тешигиндей жалтылдап, бырыштуу пешенесинин эттери былк-былк учту, титиреңдеп кетти.
– А-алып…
Жигит өзүн жогото коркконунан дудаланды. Чачтарынын түбү дүр-р эте өңү өчтү. Аттепектей болгон кожоюнуна жооп бере албай чачылды, жер тиктей башын салаңдатты.
– Абдумутал Култаевич, коинг, ушу эси паст падариңга наалатка ачыкланмаңг. Вой шауваз, биттими? Кызни алып келдилариңми?
Таиржан Шакиржановичтин үнү да оболу үзүлө такалып-такалып чыкты. Аяр неменин дароо өзүн колго ала коюп, оболу чочуп, анан коркуп кеткенин билдирбей карманганы коюу, капкара каштарынын ортосу бириге калганынан байкалды.
– Бор, чыкып тур энди.
Сөз Сабыржан сыртка чыгып кеткенден кийин кайра уланды.
Дээрлик шыбыралып сүйлөнүбатты.
– Сиз етказиң, Абдумутал. Хар калай ехтият болинг. Нима булсаям у Олий Кеңгашининг депутати, өзбег диаспорасининг раиси. Республикамизнинг хамма катталари билан бемолол гапришади. Ха-ммо, яхши одамнинг емонлиги хам борлигини көриб юрипсиз. Лөлининг эшшагини сугариңг та, пулуни олиң дейлади. Ана шунуси керак бизга. Эттагача губернатор бопкасаю, индинига сиз бир районниңг хокимисиз, Абдумутал Култаич.
Таиржан Шакиржанович кабагын чытыды. Дагы бирдекелерди айткысы келгендей болуп барып эрдин тиштеди. «Нимага суратты у аер тулки? Хотинликка омийди, лекин машшайт кыладуган боса, буякка етип келардику? Нимага? Катта ишками?» – өңү өчө түштү көңүлүнө келе түшкөн бул суроодон. Ош шаарынын чоң көчөсүнүн ортосунда сулап жаткан кыздын өлүгү көрүндү көзүнө. Анын жылаңач төшүнөн: «Эй, кыргызлар, акыбалың шунака!» – деп жазылган сөздөрдү окуду. Өңү дагы ого бетер түнөрдү. Кыбаасы каныбаткандай билинер-билинбес жымырады беттери, кыялы уйгу-туйгу болубатса да. Бирок дароо өзүн колго алды. Көз жазгырбай тиктеп турган анавы Абдимитал түшүнүп албадыбы дегендей селт этти.
Чунаңдай тескери бурула жүзүн бура жашырды. Ошол эле мезгилде Абдимитал Култаев да олку-солку ойлордо турду. Райондун борборунда өткөн өзбек диаспорасынын жетекчилери менен Жогорку Кеңештин өзбек улутундагы депутаттарынын жолугушуусун эстеди азыр. Касым пес шайырдын «Көтөрүл өзбегим, колуңа курал ал, эркиндик үчүн алгалап», – деп кыйкыра окуган шери кулагына жаңырды. Чочуп кетти. Ой энеңди-и, жүда кооптуу. Күчөп кетсечи? Токтото алышпай калышсачы? Ойдогудай кичине тополоң менен бүтөр бекен?
– А Таиржан Шакиржанович, күчөп кетсечи? Кыздын өлүгүн көргөн кыргыздар көтөрүлүп…Кыйды бычак кыргынга айланса…
Абдимиталдын ыраңы кан-сөлсүз бопбоз бозурайды. Кыргыз менен өзбектин ортосуна от жагып, кичине чабыштыра коюп, күчөтпөй баса элдин ишеничине кирип, Президенттик төңкөрүштү ишке ашырууну көздөгөн дөө-шаа менен бирге бүт бийлик бутактарын ээлеп, бекемденип алууну эңсешкендердин илаасина ушу тапта ишенкиребей кетти.
Ката кетирди. Олку-солкулугун сездирип койду, көңүлүндөгү түпөйүл оюн сыртка чыгарып жиберип. Мындай эки анжылыктын акыры дайыма жаман бүтөрүн унутуп…
– Сиз нима балааларни ойлаяпсиз? Катталардан хам окиллий боп кеттийизми а?! Яки кокишиңгиз яна бозорда изборчилигми?
Таиржан Шакиржанович кумсара катуу зекиди. Абдимиталдин ийиндери куушурула-куушурула түштү. Оозуна келмеси келбей калды. Анавы кысталактын кечээ бир мугалим элең, аны таштап базарда каңгып калган жериңен менин шарапатым менен бүгүн акимчиликтеги салмактуу орунду ээлеп олтурасың дегени да бул.
Ого бетер сенектей катты. Бирок тез эсин жыйды чоңдордун куйругун кармай жүрүп кыйдылыгы ашкан таакы. Басташа кетүү кыялына келбеди, келбейт да болчу.
– Айтып койдум да. Сизди этияттаганым да бул, Таиржан Шакиржанович.
Сөзүн оңдоду, кыйшайган токумун түзөөгө аракеттенди. Ыксыз жайдаңдай ыржайды. Маңдай тырыштарын коюуланта жөнөдүм деп араң айтып, сыртты көздөй годоңдоду. Акимдин биринчи орун басары анын артынан «оннайини» ичине ката атып жиберчүдөй тигиле узатып кала берди. Сулайман тоо. Пайгамбарды эрчип келип, ушул жерге туруп калган ыйык тоо. Жакшы адамдар сыйынышат, тооп кылышат азыр. Баламдын өмүрү узун болсун, элге кызматын аябаган эрен атыксын деген илгери үмүт менен тилек кылгандар чыгышат бул тоого. Баары эң чокудагы жайык тайпада мандаш уруна олтурушуп өткөн-кеткендер үчүн калыс, ата-энелеринин арбайларына багыштай куран окушат. Баары күпакүндүзү келет буерге.
Адаттан тыш, бүгүн ире-ширеде жанакы тайпада жалгыз караан селейип турду. Өңү жакындан тике карагандан башкага көрүнбөйт. Көздөрү жанган менен өтө суук. Бүт ааламды, адамдарды жек көргөн тариздеги ошол көздөрдөн гана анын түс-алети өчүп, кумсарып калганын боолголоо гана мүмкүн. Тескерисинче, тээ мунарыктаган алыстарга чейин түнкү шамдардын түркүн кубула жаркырап жанганына хандардын таажысына окшоп кубулган шаар сүйкүм, ырай-оройлуу, укмуш кооз. Чоң, заңкайган имараттардын алды жактарындагы гүлзарлардагы таңкы шүүдүрүмдөн бүткөндөй мөлтүрөй бажырайган гүлдөрдөн көтөрүлө аңкыган бурак жыты о назик жериңи кытыгылап, көңүлдүн үлбүрөгөн жайларына тийип бир ажайып, шаштың кетет.
Жогорудагы селейген караан буларды туйду, сезди. Бирок ошонун баарына кыжыры келгендей ичтап боло берди. Арада чыйт эткире чекеге түкүрүп да коюбатты, адамдар даарат менен гана сазда кылчу ыйык тайпага. Тойбогон сук көздөрдүн чекчейгени жумшарбады. Колдон келсе шаарды бүтүндөй өрткө айландырып жиберчүдөй жанып чыкты. Ошол эле тапта: «Ха! Менга нимаиди. Кыргызың хам, узбегиң хам бир гөр. Алаңга кучагида хаммаси лапилласа каниди», – деген сөздөр ичинен купуя айтылып кетти. Мындан өзү чочуду. Башын чулгуп алды.
– Ас-салому аллейку-ум!
Канчалык гайырлык менен кыжынып турса да, кокус айтылган созуңку саламдан азайбадани чымырады, чачтарынын түбү тысыртысыр этти. Бирок былкылдабады. Сенектей катты.
– Артыкжан ука, мен, Абдимитал акаңизмин. Тапшырмаңызды бажардик.
Абдимитал Култаев минаим сүйлөдү. Кичине эңкейе, дээрлик кол куушургансып турду. Депутаттын алдында ошентип турбай анан нетсин. Анын үстүнө кызыктай жайда турушканына бая эле бир солк эткен, жүрөкзаадалана түшкөн. О ылдыйкы караңгы туңгуюкка тик бага албай Артыкжанына тийип-тийбей жакын турганы, кийин кайра түшүп кетишти ойлоно опкоолжубатканы болчу. Ошо пайитта о Онеки-Адыр тараптан азан чыкты. Буга удаа Шейит-Дөбөдөн сопунун созолонгону көтөрүлдү. Анан бардык жерден… Мукамдык, минайимдик аралаш гайырлык менен беймаал айтылган азандан соң, шаардын бардык тарабынан ракеталар кадим майрамдагыдай шуулдата атылып, бүткүл шаар жапжарык боло түштү. Ыйык Сулайман тоонун жанагы туңгуюк түбү да алаканга салынгандай дааналанды.
– Ха-а! Ана, көрүп ал энди, Абдумутал! Узбеглар эми көтарилди. Бу түн кыргызларди кырып чыкышади. Лейкин, эттага булар хам кырылыши мумкин. Менга эколавиям барибир. Ха-ха-ха-ха! А-аха-ха-ха!
Артыкжан бар үнү менен ачуу каткырып жана көңүлүндө айтылгандарды жарыя сыртка чыгарды. Бари бир үнүнөн алеми да, апсус өкүнгөнү да жарк-журк этти. Мунусун өзү сезе ошенткенине алеми күчөп, анан ачуу айкырды.
Абдимитал Култаев тигинин кыйкырыбатканын түшүнбөдү. Бүт бадани дуу этти. Муздак бир нерсе каптады. Ай-ай дегенге мамадааналиги пурсат таппады. Чогулуштардагы чечендиги, сыйкалыгы Артыкжандын долулугунун алдында өтө пас келди.
– Эй, ит! Сага не керек? Болор-болбос бийлик, мансап, байлык үчүн аммажогуңду курмандыкка ыраа көрүп олтурасың, паскаш. Маңкурт. Иш оңунан чыкса, элимди элиме бириктирем мен. Баатыр болом. Чыкпаса, кырылып кетчү койдой адамдардын кимиси анавы деп сөөмөйүн мага кезей алат?! Эч кимиси. Ошол үчүн мага баари бир. А силер баштан-аяк наалати атыгасыңар. Түбүңө зарпа тиет. Ана, көрүп ал. Ха! Нималар дейшни билмийсанлар.
Артыкжан кыргызча так сүйлөп баштап, аягын өзбекче бүтүрө дагы кыйкырды, өзүн кармана-тутуна албады, антүү оюнда жок эле. Боксчуларча таштай каткан муштумун Абдимиталдин бетине карай шилтеп жиберди.
– Артыкжан, өзүңүздү-ү, ай-ай!
Култаев сөзүнүн аягына чыкпады. Как эттире ээкке коюлган зор муштун зарпасинан көзүнөн от чагыла тоо кырына чалкасынын күп жыгылды. Ушунчалык ачуулануу, чоң күч менен тебилген денеси аскадан учту.
– А-а-а-а!
– Улдирди у! Улдирди, кочамиз.
Бая Абдимиталдин артынан карама-кара такка чыгып барып, берирээкте элейип туруп, болгон окуяны көрүп, үрөйү учкан Сабыржан тоодон тапа-тупа түшүп келе жатып эле энтиге бакырды, чалыныпчулунуп кетти. Бирок ошентсе да, өлө-тала машинага жетти. Эшикти ача бергенде тапанча тарс этти. Бир бакырбай жыгылды. Мүрт кетти. Эч нерседен бейкабар олтурган Гаипжан далдырады. Калтыраган колдору машинанын ачкычын сыйпалай тапкыча дагы тапанча атылды. Чекесине такалып туруп атылган ок аны бакырганга үлгүртпөдү. Башы гана оң жагына гежеңдей түштү.
– Кизни менинг машинамга солийнар. Анавы кыргызга укшаш итларнинг өлүкларни кыргызларга тегишмиймиз деп утиришкан узбегларнинг махалласига таштайнар. Куришип олишсин, паччакилар. Унгача конниларини ярип, кузларини уюп, бетларини киймачийма тилиңглар. Шунда улар ишке киришишади.
Чамасы, ошол мааланин өзбектери кыргыздарды кырып жиберүү жөнүндөгү Артык окшоштордун күүлөгөнүнө көнүшпөгөн го. Кылым, доорлор бою эриш-аркак жашаган калктарбыз дешкендир. Кыз алып, кыз бериштен мурда туздашпызды беттерине кармашкан болсо керек. Мусулман антпейтти бек тутушкандыр. Өзбектердин өлүктөрүн көрүшсө чыдашпай, колдоруна курал алышат дегени да бул Артыкжандын. Бети-башын оронуп-чулганган согушчандардын өзү жете келгиче ишти бүтүрүп койгонун көрө жай буйрук бере сүйлөдү.
– Артык Сабирович, а потом что дейлат?
Жат жалданма орусча чала сүйлөдү. Тили таза келбеди. Тажик окшойт.
– Неге менинг исмимни отаяпсан?! Чулдурама иккинчи… Мындакасига кожоюнларинг билан келишмаганмиз ку.
– Таксир, хоп, майли.
– Өликларни олубаруп тошлабатканлариңда кыргызча гапирийнар. Баарыңарды кырабыз деп, ок узип кочийнар.
– Ха шунака кыламиз…
Мындан ашыкча дагы сүйлөшүп тура берүүгө болбойт эле. Атылган октордун чуулдап үстүлөрүнөн өткөнү мындай турсун, «калласини танасидан жүдаа кыл» деген кыйкырыктар жакындап калган болчу. Өзгөчө айланайын, жанымды кой, жаш балага тийбе деп кырылып жаткан, кескиленибаткандардын жанталпаста кыргызча жалдырагандары даана эшитилгенинен, шашылыш машиналарына олтурушуп жүрүп кетишти. Жана эле караңгы каптап калган шаар көчөлөрү өрттөнүбаткан үйлөрдөн, студенттер жашоочу жатаканалардан, дүр-дүйнө жайнаган магазиндерден асманга көтөрүлгөн кыпкызыл жалбырттаган жалындын жарыгында качканын кууп жетип атып, колунда бар нерселери менен сайгылап, чырылдата союп жүргөн адамдар даана көрүнө баштады. Шаардын бардык жерлеринде автоматтык куралдардын атылган үндөрү, жарылуулар…
Ана-а! Ал эми Артыкжан, Таиржан окшогон амалдарлардин көксөгөн кыяматы пайгамбарлар, азиздер, такыбалар өргүп келген Ош шаарында башталып кетти. Эки бир тууган карапайым элди бири-бирине кайраштырып, көчө безерлерин, аяк-буяктан топтоп сатып алып келген согушчул жалданмаларды калк ичине чүмбөттөп киргизип койгон карды ток, байлыгына дөөгүрсүгөндөрдүн тилегени оожала күчөдү…
Колу-буту байланып, пөкүлдөп машинада жатып уккан ызычууну, тарса-турсаны так түшүнбөсө да, биздин ааламда алаамат нерселер болубатканын туйду Марапат. Башта тынымсыз тыбырчылап бошонууга аракет жасабатса, эми дымыды. Жогорудагы сүйлөшүүлөр үрөйүн учурду. Ошол акыбалда оболу Артыкжан Сабиров деген коркунучтуу адамдын машинасында жүргөнүн билди. Ошонун үйүнүн жарык, өтө кооз бөлмөсүнө камашканда буга анык көзү жете боолголоду. Коркубатканы, баарынын өзбекче сүйлөшүшү эле. Кыялы оболу өзбек жигитине ала качышкан го дегенге кеткен. Ошо тейде чоң энесинин өзбек экенин эстеди. Айылдагы Ниса эже өзбек кишинин аялы.
Мындайлар көп… Ал, Марапат, өзүн ушинтип сооротту. Түшүнбөдү эки элдин ортосунда чабыш болубатканын. Соолуктабатып, арада өпкөлөбатып бурчка тыгылып олтурган бойдон калды.
– Аста-а. Бакырма аззали. Бомаса экаламизниям улдиришади.
Мурут түктөрү эми карара баштаган өзбек жигит шыбыш менен сүйлөй түрткүлөп ойготту. Коркконунан бүжүрөйдү. Бакырайын деди. Үнү чыкпады.
– Эй, ахмок, кыргызлар кырылияпти. Сениям улдиришади. Узбеглар улдирди деп, кыргызлар томанга ташлап, жаңжалди кучатишмокчи.
Толук түшүнбөдү. Бирок тигинин жакшылык кылганы жатканына ынангансыгандай туюм ордунан козгоду. Марапатты, бошонормун деген ой макул келе аны эрчиди. Али таң агара элек экен, бирок туш-тарапты «та-тыр-р», «паң» эткен куралдардын үнүнүн жаңырганы каптабатыптыр. Катуу чуркап үйдөн алысташты. Кайсы көчөдө, кай тарапка экенин Марапат кайдан билсин.. Атын укса да, шаарды бир жолу көрбөгөн бечара чалыштай, мүдүрүлө тигиден кадам калбай, эчтекеге карабай, күйүбаткан, быкшыган үйлөрдүн түтүнүнө ыкшый жөтөлүп, жүрөгү түшкөн кыз учуп баратты.…
Жер жарый баштаганда алкымы оозуна тыгылды. Баятан бери аттап кеткени, чалына түшкөндөрү адам өлүктөрү экен. Чалпылдата басканы, тайыганы асфальт жолдорго жайыла уюган кара кочкул, кыпкызыл адам каны. Өлүктөрдүн ичек-чабагы чубалган, бети-башы кыйма-кыйма, кулак-мурун кесилген. Денесиз тоголонгон баштар, башсыз денелер. Ар-ар жерлерде томурайгандар эмчектеги, эми эле баскан, тили чыккан, биринчи жолу мектеп астанасын аттаган балдар, кыздар. Баары күйгөн, кескиленген, ок тыткан. Арасында Кудай берген чымындай нерсеси чыга албай бултактаганы, диртилдегени, чала кыйылган кекиртектерин кыркыратыбатканы, акыркы жолу ыш-ш эткен демин чыгарыбатканы канча.О-ху-у!
– Ана-а, экитаси.
– Улдириңгла-ар!
Арттарынан куралданган жыйырмадай өзбек жаш жигит чыга чуру-чуу түшө кууп алышты. Ансыз деле чарчап, өпкөсү көөп бүткөн Марапат арышын арбытты. Алиги өзбек жигит колунан кармап сүйрөй күүлөдү. Болбоду. Абдан жакын калышты. Аны Насурулла (бая үйдө ысмым Насурулла деген) артына өткөрө койду.
– Ха-й! Мен узбегман. Бу-сийним, – деп ачуу бакырды.
Кууп жеткендер токтоп калышты. Өңдөрү кумсарып, кийимдери карала-торала, кан. Баарынын колдорунда курал.
– Нимага кочтиңг?
– Билмадим. Сизларни кыргызлар депман.
– Унда сийниңгизни анави уйга киргизип кой, өзиңг биз билан юрасан. Өзбек мустакиллигига кисса кошасан. Буну биласанми?! Бомаса икавиңг хам уласанлар хозирак.
Көздөрү алактап, ушунчалык катуу корккондуктан, Насурулла калчылдады. Бирдеке дегенге шайы келбеди. Марапат да.
– Ой, кызалак, ысмий нима?
Тигилердин бирөөсү ага кайрылды. Калчылдап, титиреп турган жандан кайдагы жооп. Насурулланы кучактай жабышты.
– Гапирмийди, сакоо, – деп Насурулла кекечтене дароо жооп берди.
Ушуну таба койгонуна шүгүр.Ыштанынын аласынан суу куюлуп кеткенин билбей калды бечара кыз. Анын ордунда ким болсо да ошентмек. Дагы чыдады. Башка болсо барбы, эси оомак, лалалап бакырып ыйламак. Ошентип ал бир өзбек чалдын үйүнө кирип калды. Алактаган кемпир майпаңдай алдына түшүп, үй асты чоң сүкөнүнө эрчитип барып ичкериге түртүп койду. Артынан тарактата койбой темир эшигин дароо жапты.
Көрдөй караңгыда эчтеме көрүнбөй эшик астында саамга селейип турду. Бара-бара көнүп, айлана агыштана баштаганда ончо эркекургаачы кыргыздардын бар экенин көрдү. Баарынын ыраңдары өчкөн, көздөрү алайган, катып калган өлүк жандардай былк этишпейт. Кокус бирдеке тырык этсеби ушундайда. Жан чыккыдай…
Отурбады, ошо селейген бойдон. Лам деп ооз ачуу кайда. Ким даамак. Арадагы беш-алты жашар эки бала, бир кыз пыш этип дем албагандай мелтирешет. Көп өтпөдү.
– Менин уйимда хеч канака кыргыз йок. Кампирим экаламиз, холос. Мана янимда турупти, – деп сүйлөгөн үй ээси чалдын үнү катуу чыкты сырттан. Автомат «бадырр-р» этти.
– Вой даат! Нима кылып койдийна-ар! Вой бо-ой!
Дагы ок атылды. Кемпирдин да датвайраты тып токтоду. Болгону, чамасы ал чалынын үстүнө бүк түштү окшойт.
– Кеттик, кыргызлар улдиришти деп калышаверади.
Өзбек үнү угулду. Өтө токтоо, өтө беймарал сүйлөдү адам.
– Правильно! Задания таково.
Орусча сүйлөдү экинчи адам. Неге? Не үчүн өзбекче, тиги орусча. Бири-бирин өлтүрүшпөйбү? Мындай суроо эч кимисинин башына кирбеди. Антип ойлой да алмак эмес пысып олтургандар. Кеттик-кеттик дешип, анан үндөрү чыкпай калды тигилердин. Сырт жактан эч кимдин, эч нерсенин үнү угулбай тынчыды. О кыйлада арадагы кырктан жашы ашып калган киши эшикти ача тышкарыга жөнөдү бутунун учу менен өтө кылдат басып, шырп алдырбай. Анын артынан аял. Анан калганы… Топ боло патыр-путур качып жөнөштү. Кыйла качышты. Жыгылып-тыгылганына, чалыштаганына, күйүккөнүнө эч кимге карабай чуркап баратышты жан алекетке түшүшө. Бирок бири-биринен ажырашып тыркырабады, чачылбады, кой мүзөстө топ дүбүрөштү. «Бадыр-р» дей түштү, анан «тарс-тарс» этти. Алдыдагылар бүк түштү. А дегенге араң жарашты. Баякы жаш балдар чырылдаша жерде канга боёло гыркырабаткан энелеринин үстүлөрүнө түшө апалап бакырышты. Анан топ-топ эте жыгылышып, үндөрү чыкпай калды. Марапат жалт бурула качты. Буттары узарып кеттиби, жан алакетпи, айтор, учкандай чуркады. Чолок көчөгө далдалана кирип кетти.
– Вай, бери кач, бери ка-ач!
Чоң рават дарбазадан башын кылтыйта чыгарып турган аялдын угулар-угулмаксан үнү кулагына шак дай түштү. Коргонго кирип эле ый-пыйсыз кайда жашынарды көздөй элтеңдеп калды.
– Артына, үйдүн артына чурка.
Толмоч өзбек аял кыргызча дана сүйлөп, дарбазасын кайра жаап жатып үнүн катуу чыгара койбой башын ийкеңдете там артын көздөй колдорун шилтегиледи. Марапат тыз койду ошоякка. Жети-сегизден ашуун кыздар, аялдар, эки чал, балалуу келиндер жашырынып олтурушуптур. Бүт баары кыргыз. Алардын арт жагына өтө чыкты Марапат. Дарбаза жак тарак-турукка толуп кетти. Карса-курс күчөдү.
– Ва-ай, мусулманлар! Нима кылыяпсила-ар бу узи. Чолга тегишмайна-ар, айла-алайла-ар!
Жана кыргызча так сүйлөгөн өзбек аялдын үнү.
– Нимага кыргызни бекитияпсан а?! Он-найни… канчик.
– Бекитмадим. У инсанку хакийри, мусулманку, – деп аял эми коркпогондой тарс кыйкырып сүйлөдү.
– Оглум, койийнар энди. Кампиримга роя кылийлар.
Эркек үнү аралашты. Жалынып, жалбарып, чөгөлөй калды окшойт, тур, чөгөлөгөнүн бунун деген беркилердин да чарактаган кекээр үндөрү угулду.
– Эй, нимага гажиллашияпсилар.
– Ха, нимага гажиллашияпсилар. Арка тамондагиларниям уйга камайнар. Буларни кушип якип юбарамиз.
Орой, жоон үн угулду. Алардын тапыр-тупуру Марапаттар тарапка жөнөдү. Зөөкүр, кутурган эмелер бир-бирден койгулап, чырылдата сүйрөп үй ичине алып жөнөштү. Марапатты саргарган түктөрү типтик, кулактары делдейген, көздөрү алагай, арык неме кармады. Оболу ал бир кетенчиктеди. Тиги булкуп тартты. Ошодон кийин жөн басып жөнөдү. Өзү атайлабаса да, башы өйдө көтөрүлүп, моюндары узара койкоюп көрүнүп… бар э дегендей… башка ылаажы калбагандай… буттары таңылып, союлганы жаткан козунун көздөрүндөй чечекейи чекчейип… Маң эле. Эсеңгиреп калган болчу Марапат. Беркилерди ызылдата камашты. Үй ээлерин да. Анан от коюп жиберишти. Күнгө какырап кургаган үй жыгачтары кагаздай дүрт этип, түтүн чыгарбай алоолонуп чатырабатты. Жанталпастагы чаңырык, өкүрүк, күйүп жаткан үйдүн ичинен угулуп, адам каны аралаш каракочкул түтүн боргулдады. Бир кезде бүткөн боюн жалбырттаган жалын каптаган адамдын күйүп бүтүп кулап түшкөн эшиктен чыгып келатканы көрүндү. Үй ээси эле өңдөндү. Чырылдаган баякы үч жашар баланы кучактап, бооруна кысып алыптыр. Акыркы күчүн жумшады бейм, баланы бери көздөй шилтеди да, өзү ач айкырык менен ошоерге кулап түштү.
– Хай-вонла-а-ар!
Акыркы сөзү ушул болду. Калганы адам чыдабаган өкүрүккө айланды. Быжылдап күйгөн бүт тулкунан капкара түтүн оргуштай көтөрүлүп, айлананы каптады. Адам наамарт, адам кара мүртөз. Андан өткөн жырткыч жоктур ааламда. Өрт койгондордун бири чуркап барып апалап чырылдабаткан баланы кайра отко ыргытып жиберди.
– Кырыл, аммаң. Дузоки куду шунака булади.
Оозунан чыккан сөзү ушул. Бул кимби? Болбосо эмнеби. Бооруна кыргыз баласын кысып, алааматтын ичинен чыгарып коюуга далалаттаныбатып жан берген, шейит кеткен анавы өзбек кишичи? Өрттөйбүз дегендерге бербей «иши бар» деп кармап турган желдеттин жанындагы Марапаттин эси оой шылк этти. Канча жатканын кайдан билсин, жай жүргөн бусикте баратып өзүнө келди. Сүйрөп салышканбы, үстү-башы сүзүлө тытылып, чаң, оер-буери кан. Не деген машина, кайда баратабыз деген ой кыялында жок. Аяк-буягы дагы бир нече кыздардын бусикте барлыгын баамдай алды. Алардын да бети-көзү көгала, канаган, үстүлөрү тытылган.
– Бадыр-р!
Ок атылды. Паш деп бирдеке жарылды. Жалын өйдө көтөрүлдү.
– Хай-да-а!
Өзбектердин бирөөсү катуу кыйкырды.
– Тавай-тавай!
Экинчи бирөө ролдо бараткан сакалчан адамга ороң этип коюп, машинанын айнегинен автоматынын учун чыгара ок жаадырды.
– Якынираак хайда уларга, кураллари куринмийди. Балта-тейша көтарип алышипти хайван кышлакилар. Буларни кырып өтүп кетамиз.
Ошондой болду. Колунда мылтыгы жок кыргыздар бөк түштү. Жанталпастады. Ышкырган ок кууп жетип тийгенде аркаларынан чаңы көтөрүлгөндөй боло түшүп кулабатышты. Кайдан-жайдан пайда болду, атайлап жасалган узун-узун темир шиштерди арбайтаарбайта алдына катырып алган КамАЗ автомашинасы качып бараткандардын артта калгандарын ичек-чабагысын чыгара былжыратып баратты. Оп-по, адам ай! Кимиси ойлоп тапты адам жанынын бул «тегирменин». Адам ичегисин чубай, мээсин былжырата чачып, топуракка аралаштырганын карап ал, эй адам! Артыкжандын колу жасадыбы муну, болбосо Таиржандын кулактары делдейген баңги баласынын ишиби бул? Кандай болсо да Авазжон айдап жүрсө керек бул азезилди, кыяматты. Булардын баары батып калышына бир жарым аргамжы калган кыпкызыл, өрттөнүп жаткандай көрүнгөн, нурсуз, шооласыз, муздак Күндүн шаңгалатында Марапаттин каректерине катып калды. Жан берибаткандагы көздөр, адам айкырыгы, дирилдеп атып, шар этип төгүлүп аккан кан, отко топтой ыргытылган сүт эмди балдардын чыркырагандары…
Бусик шаардан чыгып, чоң жолдо шуулдады. Гөрдөй караңгы.
– Кыргыз энди билди, энди…
– Ха, уларни энди туктатип бомийди.
Тигилер бири-бирине күңк-мыңк этишти. Башка сүйлөшпөдү. Бусик узакка шуулдап жүрдү. Дарыя бойлой анын шоокумуна аралашты, эки-үч жолу дабанга көтөрүлгөндөй болду. Кайра ылдый шуңгуду. Убакыт тамамдабай узарды. «Бишкек. Бишкекке келдик. Чоңдор дагы айнышканбы, бу жерде жымжырт. Эч сөз жок, тынч го?!» – дешип рация менен байланышып, башчыларынын тынч кайткыла деген буйруктарын угушуп, дагы артка кайтышты.
Кайра караңгыда бусик Ошту аралады. Шаар ичи көрдөй караңгы деп айткан адам жаран эмес, тыптынч деген бир макулуктур. Күркүрөгөн танкалар, куралчан аскерлер. Жарым чакырым арыраакта, аскерлер жок жерлерде, куралдардын жаагы тынбай атышуулар, чабышуулар. Өлдү-өлдү, кетти-кетти. Кечетеден бери көчөлөрдө логлоп, үстөмдүк кылып, кыр-жойлогон өзбектерге бүгүн гана каршы көтөрүлгөн кыргыздар бетме-бет уруш оожалтты. Жансыз денелердин астында Марапаттин канча жатканы белгисиз, бирок өлүк жыты буркурабатканда көзү ачылды. Жардам суроо, кыйкыруу, туруп кетүү кыялына келбеди. Анткенге дарман жок эле. Өлүктөргө кошулуп өлүү бойдон жата бергени да баш көтөрүп өйдө болгондон аала белем, тирүү калды.. Кыскасы, ал тирүү өлүк эле, бул ааламдагы тирүүлөрдүн катарында жоктой туюм сезимдерин басып алган акыбалда дагы эси ооп жата берди. Балким, аны Кудай сактагандыр. Болбосо кыңк этип үн чыгарбай үстүнө кулап түшкөн өлүктөр жамгырдай жааган октон сактаганга себеп болгондур. Же өлүктөр арасында билинер-билинбес дем алып бышылдабатканын билип, таап алган, үйүнө эптеп жеткирип, жертөлөсүнө жашырып, оозуна суу тамчылаткан Өлмас тирүү алып калгандыр өзү билбейт. Көзүн ачканда ондон ашуун өзбек чал, аял, балдардын, кыздардын арасында экенин аңдай коркуп кеткени гана өзүнө тирүүлүгүн аяндагандыр.
«Татыр-р», «паң» этип атылган куралдардын добуштары алыстан анда-санда угулуп, денеси бари бир дирт-дирт эте чоочубатты. Турууга шай каякта. Кыялы да чалды-куйду. Эси бир жерге токтосо канаке. Көздөрү бопбоз.
– Эй, кандай адамдарсыңар өзү? Сарт жок менин үйүмдө. Өлүгүнү көрөйүн ошолордун. Аларды неге жашырайын, айтчы мага? Өзүмдүн бир тууган үками өлтүргөндөрдү неге сактайм а?!
Сырттан Өлмас эженин чаралаган үнү угулду. Жашырынып олтургандардын баары дымыды. Бала «ойи» деп жиберди. Энеси анын оозун баса койду. Чытырап кетти окшойт, баарынын чекелери. Тымтырс.
– А-ай, эже! Беш кол барабар эмес экен. Бираазги кыргыздар бечера деп аларды үйлөрүнө жашырышып…
– Ой энеңди… ошол кыргыздар акмак да. Сарттарга кошуп өздөрүн да атыш керек….
Кыжырдангандардын үнү даана угулду. Булар – кыргыздар. Алигилер өзбектер. Не болду? Неге мындай? Кудай берген жанды кудай гана алат дешчү эле го! Жогорудагы суроолор бүлбүл эте түштү Марапаттин оюна. Ары жагына өтө албады. Буга кудурети жетмек эмес. Анын үстүнө сырттагылардын күчөгөн кыжы-кужусу алагдылады. Айрыкча Өлмас эженин айкырык-өкүрүгү тарактап, баарыныкынан өйдө чыгыбатты.
– Эй, адамдар! Акыры баарыбыз кирип-чыгышып, алды-берди болуп жүргөн элбиз. Алар адашты. Чоңдор, эл бузарлардын дүйнөсүнө ныксырагандардын кылыгы бул. Ана, шордуу эл кырылды, бечаранын үйү күйдү. Ойлонгула-а! Эсиңерге келгиле, бузуктардын күшкүшүнө кирбей. Дагы бирөөгө чоңдук керек болгондур, башкасына ушундай тополоң зарылдыр. Кандайы болгондо да, кайраштырышты, иритишти араны.
«Тарс» этти. Өлмас эженин ач айкырыгы чыкты.
– Ким атты? Кимиң аттың?!
– Биз атпадык…эч ким…
– Оонавы тамдын башынан бирөө түшө качты. Ошол го?!
– Ой, өзбекке да, кыргызга да окшобойт ко ал!
– Чын эле ошол окшойт, колунда куралы бар экен.
– Башка-а! Жат эк-э-эн!
– Карма! Энеңди… туткула, ким болсо да.
Сырттагылар ызы-чуу түшүштү. Ошол аткан адам тарапка чуркашты окшойт, үндөрү алыстады. Ал эми Өлмас эженин үнү ошол бойдон чыкпады… Өзбек чал унчукпай ыйлабатты. Кызарган көздөрүнөн аккан жашы кыйма-чийме бырыш баскан, чүлдүйгөн өңүнө жайыла агыбатты. «Я ал-ла, парвардигарим. Шу ташвишларни чыкырганларнинг жазоини узинг бер. Нега?! Кыргызнинг не айыбы бару, узбегларнинг на гунаху бу? Мунакасини курмаганман а. Овали узбеглар кырди, энди кыргызлар. Шуларни көрмай өлсам ка-аниди», – деп күңгүрөндү. Калч-калч этти: «Улар бир тугушкан а. Аччик-чучугу даурларда аралаш эдию? Нимага?! Өл, харамилар! Уртага от якмай тоңгуз коп, ила-хо».
Өзбек менен кыргызды бир тууган деди. Доорлор бою кыз алып, кыз беришип, бири-бирине сиңишкен журт деди. Акырында…Ооба, акырында эриндерин бүлкүлдөтө каргады. Чын ыкласы менен алигилерди, бусикчендерди каргады. Таиржанди, Артикжанди, Абдимиталдарди шуу үшкүрө олтуруп, парвардигарим деп туруп каргады. Дилинде, о түпкүрүндө каргыш айтты, жек көрдү ошолорду. Мындан башка не айла? Муну чал да, Марапат да таппады. Ооруканада кичине тамак жеген соң, жаш экен, тез өзүнө келди.
Оор жаракаттуулардын саны өтө көп болгондуктан, нары-бери басып тур дешип, коридорго сүрүп коюшту. Кете бер дегендей түшүндү муну Марапат, кимсиң деген адам болбогондуктан. Болбурап сүйлөй албаганга мамиленин ушундай болорун кайдан билсин, илкий сыртка чыкты, башы оогон жакка кете берди. Шаардын мурдакы акыбалын көрбөсө, билбесе, күйүп кеткен, ураган имараттардын өтө жагымсыз көрүнүшү менен иши канча, жакшысы, өлүктөрдү жыйыштырып алышкан экен, эч нерсеге саресеп таштай таңыркабады. Абанын ыш жыттанганы менен да иши болбоду.
Арык боюна олтурду. Сууга бетин чайкаганы эңкейди. Демделип аккан суудан өңү чалабучук көрүнө түштү. Өзүн өзү тааныбады. Көгала, шишип-көпкөн бир жалпак бет чалынды көзүнө. Муну таңазар албады. Адам каны аралаш күйүк жыттанган шаар окшоп мелтейди. Башкача ойлоо мындай турсун, чочуп койбоду. Тепкиден учуп кеткен кашка тишинин бирөөсүнүн ордунун аңырайганына да саресеп салбады. Аялдамада өзү жалгыз селейип, күн кечтеп баратканда томпок машина келип токтоду.
– Ой, чык тез-тез. Имне жалгыз жүрөсүң?! Бирөө-жарым союп кетет деп коркподуңбу? Ноокатка бара турган болсоң, чык!
Айдоочу катуу-катуу бак-бак этти, машинасынын кабинасынын айнегинен башын чыгарып. Кайда барыш-коюш оюнда жок Марапат бечараны айдоочунун: «Ноокатка барасыңбы?» – дегени анча кубандырбады, башкача да таасир этпеди. Ошол үчүн унчукпады. Бирок илкий машинага чыгып, бош орундук жок болгондуктан, эшик оозуна туруп алды… Бирөө жарым а деп сүйлөбөдү. Баарынын өңдөрү суз, карасур тарткан. Көбүнүн бети-башы көгала, айрымдары жарадар, эптеп таңып алган таңылчактарынын сыртына кан сызыла сүзүлүп чыккан. Бир гана арыздануу, ыйлоо мындай турсун, онтоо жок, аман калганына шүгүрчүлүк келтиргендей мелтирешет.
Адырларды аралай кеткен жол менен дабан ашты, дагы бир дабандан ылдыйлаганда электр жарыгы тээ күн чыгыштан күн батышты карай жайыла жаркырап көрүндү. Бул – Эски Ноокат. Өз жери. Ылымылык бир нерсе козголо түшкөнсүдү. Бир сааттан ашуун тик туруп келгенине талыган буттарынын алдан тайып баратканын унута моюн созо тигилди. Мындай туюмду, мындай сезимди мурда кезиктирбеген, билбеген.
– Кана, миңден созуп койгулачы.
Шаардын ортосундагы айлампанын жарымын айлана өтүп, четке токтогон машинанын ээси жерге түшүбаткандардын алдын тосо акы сурады.
– Ой кантет?! Оштон Ноокатка чейинки жол кире алтымыш эле сом го!
– Ошо да!
– Ынсап кылгыла. Эки жүз-үч жүз де жок дегенде.
– Имне дебатасыңар силер. Жакшылык кылып алып келип койсо… Кечээ үч миң, согуш ираса кызыган күнү беш миң сом эле. Кыйшалаңдабагыла. Өлүмдөн куткардым силерди.
Шопур бош келбеди. Быгжыйган тулку менен омуроолоп, уруп жиберчүдөй жулкунуп, үнүн катуу-катуу чыгара бакырып коё берди. Ушуну эле пайлап тургандай дароо үч милиционер пайда боло калды.
– Эй, имне болду силерге?! Коменданттык сааттын башталышына аз калды, тез таркабасаңар, баарыңар камаласыңар. Иштарап төлөй албай кыйналасыңар анан.
Узун бойлуу, көздөрү көк экени ире-ширеде да байкалган милиционер ушинткенде баары жым боло түштү. Шопурдун айткан баасын кармата-кармата коюшуп, күдүңдөй алышпай шып-шып таркашты. Марапат гана машинанын ичинде кала берди. Шопур аңдабады.
– Э, энеңди… Оштон баалаш деп айтпадым беле мен сага. Буерге келибалып тополоң саласың.
Милиционер шопурду ашата сөктү. Ичине бир коюп да жиберди. Тиги кетенчиктей түшүп, ичин пулдуу колу менен баса кармап тыржыйды.
– Ошенткем, жолдош майор, ошенткем. А эл экен, ушинтет да… Мана пулуңуз. Жеп койбодум. Көзүңүзчө чогулттум.
Шопур чеңгел пулду милиционерге кармата койду. Майор акчаны ала коюн чөнтөгүнө бурдай салды. Анан тигиге кайрылды:
– Дагы бир рейс кыласыңбы?
– Э, жок. Нариман, адырлар тараптарда атышуулар күч. Бери жактарда да кокус тез-тез чыга калып жатат.
– Майли, эртең бүгүн барган жериңе дагы барасың. Адам топтоп коюшат. Тез кыймылда. Шагдам жүр. Ушу тапта күн биздики болуп турат, туруш жок, шыпылда. Акыңды кийин эсептешебиз.
Милициянын майору сыдыра тиктеди автомашинанын эшигинен башын бойлотуп. Жалгыз калып түшпөй олтурган Марапат көзүнө урунду. Жапжаш кыз экенин аңдады, көгала болгон өңүнөн өтө азап жегенин гана көрбөдү, кашайгыр. Шуушуңдап аккан канды көргөн карышкырдыкындай болгон көздөрү дароо ойноктоп чыкты. Түнү менен майор, анан берки эки лашкери Марапатти улак кылып чаап жатышкандай бири-бирине ашыра кордошту.Мындай кордоону бусикте жүрүп көргөн Марапат бу сапар ыйлабады, дүк-дүк, чалп-чалп эткенден башка эчтекени сезбеди, ойлонуп, кыйналбады. Ал түгүл жан жеринин көпшүй шишип, ачышып оорубатканына онтоп да койбоду.
Эртеси милиция кызматкерлери аны бирөө жарым өлтүрүп койбосун деп ойлоштубу, кам көрүштүбү, иши кылып, кошмочу катындардын колуна тапшырышты. «Жаш экен, өңү да жылтырак, пычымдары любой эркекти эсенгиретер», – дешип апежелери кубанып жүрүп кабыл алышты…
Тизмектелип өткөн жогорудагы өмүр таржымалынын ушул жерине араң жеткен Марапат берки жамбашына оодарылып жатты. Кроваты дагы кыйч-куйч этти. Көздөрүн жумду, башынан кечиргендерин андан ары уланткысы келбеди. Бирок бари бир Жаңыбай эсине дагы кылт этти. Ал азыр Бишкекте, чоң депутат. Эл тагдырын чечип, мамлекет башкарып… «Э, өлүгүңдү көрөйүн адам сөрөй, койчу ошону» деген сөздөр Марапаттин о түпкүрүнөн айтылгандай болду, ошентсе да ага өзү кызыкпады. Адатынча дагы чыйт эткире башын өйдө көтөрүп түкүрүп коюп, ордунан козголбой жата берди.
* * *
Мен жеңил дем ала ордуман козголдум. Жогорудагы үч аялдын таржымалынан тажап кеттим. Болбогон эле бир нерселер да. Ыйлатып-сыктатып жатып укканда не жыйынтыкка келдим? Ушул жазгандарыман бир майнап чыкса кана… Дегеле булардын баштан кечиргендерине ким кызыкмак? Ошенткенде не пайда? Балким, тагдырлары ошондой курулгандыр, болбосо өздөрүнүн пейилдеринен ушундай күндөрдү кечиришкендир, мага намаалим. Жазып, өчүрө чийип атып кыйналганым калды. Жок… Эчтеке… убактымды беймаани коротконума да өкүнбөйм. Бари бир күн өткөрүү керек да. Болгону ушул.

Читайте также:  Жжение в желудке и кал желтого цвета

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.

источник